Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Ботаникалык бакта “Город: Made by…” онлайн-журналынын бет ачаары болду

17-июнда УИАнын Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык багында Кыргызстандагы Швейцариянын элчилиги колдоого алган «Си лабораториясынын» долбоорунун негизинде “Город: Made by…” онлайн-журналынын кезектеги санынын бет ачаары болду. Онлайн басылманын бул саны маданият жана искусствого, көркөм изилдөөлөргө жана коомдук-маданий процесстерди түшүнүүгө арналган.

Иш-чара Ботаникалык бакта ачык асман алдында өттү. Уюштуруучулар бет ачаарды өткөрүүдө аталган жердин тандалып алынышынын себептерин айтып беришти. Алардын белгилөөсү боюнча Ботаникалык бак Бишкек шаарынын жашыл төрү, илимий-изилдөөлөрдүн базасы болуп, он жылдай убакыт аралыгында Кыргызстандын шаарларындагы бак-дарак, көчөттөрдү отургузуу жана аларды сактоо менен пайдалуу климаттык шартты түзүүчү аянтча болуп келүүдө. Ботаникалык бак акыркы эки жыл аралыгында ыктыярчылардын жана бактын жалпы эмгек жамаатынын эмгеги менен маданий-агартуучулук функцияны аткарууда.

Ботаникалык бактын базасында ишке ашырылып жаткан шаар масштабындагы бир катар маданий-билим-берүүчү долбоорлордун демилгечиси, биолог Дмитрий Ветошкин Ботаникалык бактын тарыхы жана анын мааниси жөнүндө айтып берди. Анда айыл-чарбасы үчүн манилүү болуп саналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун өстүрүүгө жана өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүнүн интродукциясына байланышкан илимий иштер Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында да жүргүзүлүп, азыркы тапта дагы социалык-саясий кризистерге карабастан улантылып келүүдө.

Журналдын аталган чыгарылышы апрель-май айларында Ош жана Алматы шаарларында өткөн «Шаар изилдөөлөрүнүн лабораториясы» (“Лаборатория городских исследований”) аталышындагы илимий жана билим берүүчү эки программанын жыйынтыгы боюнча жарык көрдү. Анда авторлор шаар чөйрөсүн иликтөөгө байланышкан, жыйынтыгы текст, карта, фото, аудио түрүндө көрсөтүлгөн көркөм изилдөөлөрдү ишке ашырышкан. Алардын ою боюнча калаа – окурмандар үчүн адам ишмердигинин жемиши, шаар коомчулугунун аң-сезимине жана түрүм-турумуна таасир этүүчү социалдык чөйрө болушу керек. Иш-чарага чакырылган спикер, юрист Фатима Якупбаева буга чейинки Токтоналиев көчөсүндөгү бактардын кыйылышын мисал келтирүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде «шаарга болгон укук» («права на город») концепциясы тууралуу айтып берди.

Презентация УИАнын Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык багы, “Инициатива арча” жана “Ырыстан” коомдук фонддору тарабынан уюштурулду.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер