Июнь айынын 19нан 22не чейин “Континенттер ичиндеги орогендердин геодинамикасынын жана геоэкологиясынын маселелери” аталышындагы Эл аралык VII симпозиуму өтөт. Иш-чараны Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту, Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту жана Кыргыз-Орус (Славян) университетинин институттары уюштурууда.
Симпозиумга Кыргызстандын, Россиянын, Япониянын, Кытайдын, Германиянын, Грециянын, Индиянын, Тажикстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын окумуштуулары катышат.
Иш-чара сейсмикалык кооптуулукту баалоо, сейсмикалык режимди региналдык изилдөөгө алуу деген сыяктуу илимий проблемаларды кенен изилдөөгө багытталган, сейсмоактивдүү региондорду жана геодинамикалык процесстердин мониторингин изилдөөдөгү электромагниттик методдор; геологиялык эндогендик жана экзогендик процесстердин экологиялык жана социалдык таасирлери, катастрофалык жана башка окуялардын прогноздору изилдеген 6 секциядан турат
Симпозиумда 97 илимий доклад окулат.
Иш-чаранын өтүүчү жери Эл аралык геодинамикалык илимий-изилдөөчү полигону (Бишкек шаары). 24-июнда “Ала-Арча” капчыгайына экскурсия уюштурулат.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1959