Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик А.Акматалиев “Манас” университетинин ардактуу доктору болду

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиевге кыргыз тили жана кыргыз адабиятынын өнүгүүсү, Кыргызстан, Түркия жана түрк элдеринин илимий жана билим берүү жаатында кызматташтыгына кошкон зор салымы үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ардактуу доктору наамы ыйгарылды.

Академик А.Акматалиев окуу жайдын жетекчилигине терең ыраазычылык билдирип төмөнкүлөрдү айтты:

– Жыйырма беш жыл бою түрк жана кыргыз элинин адабий, маданий байланышына салым кошуп келебиз. Анын ичинде 20 жыл Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарбиялаган студенттерди академияга чакырып, алар менен иштешип келебиз. Орток темалар боюнча кандидаттык иштер жакталды. Бул аралыкта “Манас” эпосу, фольклордук чыгармалар түрк тилине которулду. “Түрк адабияты” деген 33 томдукка координатор болдум. Түрк окумуштуулар менен отуздан ашуун конференцияларды чогуу өткөрдүк. Түрк тилинде үч китебим, жыйырмадан ашуун макалаларым чыкты. “Билги”, “Билим” журналдарынын редколлегия мүчөсүмүн. Дагы да түрк тилиндеги чыгармалар, илимий иштер кыргыз тилине которулганы, жайылтылганы турат.

Иш-чарада Абдылдажан Акматалиев окуу жайдын жетекчилигине “Манас” эпосу менен “Айтматов энциклопедиясын” тапшырды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер