Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Профессор А.Асанканов: “Борбор Азия мурун “уйкудагы арстан” болсо, азыр ал ойгонууда”

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун директору Абылабек Асанканов Ирандын Мешхед шаарындагы “Астане де-Резави” көп тармактуу ишканасынын аналитика бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мехди Жалали менен жолукту.

Жолугушууда тарых илими, аны изилдөөнүн методдору, Борбор Азия аймагынын тарыхы, цивилизациясы, улуттар жана этностор аралык жалпылыкты изилдөөгө байланышкан суроолор жана маселелер талкууга алынды.

А.Асанканов М.Жалалиге институттун структурасы, изилдөө тармактары, методикалары, колдонгон маалымат булактары жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ал Борбор Азия цивилизациясынын өнүгүү потенциалы жогору экендигин айтып, аны менен катар эле анда коммуникациялык, маданий айырмачылыктар басымдуулук кылаарын белгилей кетти.

“Борбор Азия мамлекеттерин бири-бирине жакындатууда экономикалык-саясий фактор чоң роль ойнойт. Бул чөлкөм мурун “уйкудагы арстан” болсо, азыр ал ойгонууда жана өнүгүүдөгү потенциалы өтө жогору экендигин көрсөтүүдө” – деди.

М.Жалали тарых илимин изилдөө жаатындагы кызматташууну улантуу үчүн А.Асанкановду Мешхед шаарында өтө турган “Ислам цивилизациясын” изилдөөгө багытталган форумга чакырды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер