Астанадагы Х Экономикалык форумдун алкагында Евразиялык улуттук университетте “Потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде Казакстандын улуттук экономикасынын диверсификациясын тездетүү жана атаандаштыкка болгон туруктуулукту жогорулатуу” аталашындагы жаш окумуштуулардын Эл аралык конференциясы болуп өттү.
Аталган иш-чарага Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Дж.Алышбаев атындагы Экономика институтунун Эл аралык экономика бөлүмүнүн жетекчиси, экономика илимдеринин кандидаты Азык Орозонова катышып, “Эл аралык компаниялардагы адам ресурстарын башкаруунун өзгөчөлүктөрү” деген темада докладын окуду.
Конференция Кытайдан, Кореядан, АКШдан, Англиядан, Беларусиядан, Россиядан, Кыргызстандан жана Мароккодон келген экономика, ишкерлик, финансы тармагын изилдеген 200дөн ашуун беделдүү окумуштуу, эл аралык эксперттердин башын бириктирди. Иш-чаранын жүрүшүндө ааламдашуу шартындагы туризмдин индустриясын өнүктүрүү, Казакстандын экономикасындагы, инновациялык менеджмент жана мамлекеттик менчик өнөктөштүгүндөгү атаандаштыкка туруктуулук, Казакстан экономикасындагы үчүнчү модернизациянын шартындагы финансы секторун өнүктүрүү сыяктуу маселелер каралды.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2140