Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Профессор Т.Аскаровдун 80 жылдыгына арналган конференция өтөт

3-июлда Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту уюштуруп жаткан, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору, профессор Теңдик Аскаровдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция өтөт.

Иш-чарада УИАнын президентинин милдетин аткаруучу М.Жуматаев, академиктер А.Акматалиев, Т.Садыков, Т.Койчуев, А.Какеев, КРнын Жазуучулар союзунун төрагасы А.Рыскулов жана башка илим жаатындагы ишмерлер куттуктоо сөздөрү менен чыгышат.

Т.Аскаров 350дөн ашуун илимий эмгектин автору жана “Дружбы народов”, “Знак почета” ордендеринин, “Даңк” медалынын ээси. Ал 1960-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, Кыргыз ССРнин илимдер академиясынын Философия жана укук институтунда окумуштуу катчы болуп иштеген. Ошондой эле “Кыргызстан маданияты” гезитинин башкы редакторунун орун басары, Кыргыз ССРнин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин маданият бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, СССР жазуучулар союзунун башкаруучулугунун төрагасы кызматтарын аркалаган.

Иш-чара саат 10:00дө башаталат (Катышуучуларды каттоо 09:30да жүргүзүлөт).


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер