Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Совет доорундагы жаратман муундун өкүлү

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында маданияттын эмгек сиңирген ишмери, УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору, мамлекеттик жана коомдук ишмер, профессор Теңдик Аскаровдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференциясы өттү.

Иш-чарада окумуштууну УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, академик М.Джуматаев, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Э.Сариева, Жазуучулар союзунун төрагасы А.Рыскулов жана коомдук ишмер Т.Тургуналиев куттуктады. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Ч.Турсунбеков менен Илим жана билим берүү министри Г.Кудайбердиеванын Т.Аскаровго арналган расмий куттуктоолору окулду.

УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, академик М.Джуматаев илимпозду юбилейи менен куттуктап жатып, анын илимдер академиясында өткөн илимий ишмердүүлүгүнө токтоло кетти. Ал эми Гуманитардык жана коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик А.Акматалиев окумуштуунун адабият тармагына кошкон салымын баса белгиледи.

«Теңдик ага Жазуучулар союзун башкарып турган учурду Кыргыз адабиятынын «Алтын доору» деп белгилөөгө негиз бар» – деди.

Конференциянын катышуучулары – УИАнын окумуштуулары, илимий кызматкерлери, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, акын-жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер – Т.Аскаровдун философия, эстетика, маданият, адабият, этика жана башка тармактарда чагылдырылган эмгектери тууралуу сөз кылышып, докладдарын окушту.

Иш-чарада кабыл алынган резолюцияга ылайык илимий басылмаларга жана ММКларга макала жарыялоо, окумуштуу тууралуу документалдык фильм тартуу, Т.Аскаровдун чыгармачылыгына байланышкан материалдарды кыргыз философиянын тарыхы боюнча окуу программасына кошуу сунуштары киргизилди.

Маалымат үчүн:

УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору, профессор Т.Аскаров – 350дөн ашуун эмгектин автору жана “Дружбы народов”, “Знак почета” ордендеринин, “Даңк” медалынын ээси. Ал 1960-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, Кыргыз ССР илимдер академиясынын Философия жана укук институтунун окумуштуу катчысы кызматын аркалаган. Баштапкы эмгек жолунда “Кыргызстан маданияты” гезитинин башкы редакторунун орун басары, Кыргыз ССРнин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комиссиясынын маданият бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, СССР Жазуучулар союзу башкармалыгынын төрагасы болгон.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер