2017-жылдын 14-июль күнү саат 10.00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Жалпы жыйынында Улуттук илимдер академисынын жаңы Уставынын долбоору талкууланат. Жаңы Уставдын долбоору 2017-жылдын 25-майында “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык иштелип чыкты. Аталган документте УИАнын милдеттери менен функциялары такталып, ошондой эле УИА президиумунун макамы жана УИА президентин шайлоо боюнча беренелерине жана башка Илимдер Академиясынын ишиндеги маанилүү маселелерди камтыган өзгөртүүлөр киргизилген. Жаңы Уставдын долбоорун иштеп чыгуу үчүн УИАнын мүчөлөрүнөн турган Жумушчу топ түзүлгөн.
УИАнын Жалпы жыйынын сессиясы УИАнын башкы имаратындагы Чоң жыйындар залында өтмөкчү.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1605