Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Улуттук илимдер академиясынын жаңы Уставы кабыл алынды

Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушу болуп өттү. Чогулуш УИАнын академиктеринин жана мүчө-корреспонденттеринин катышуусу менен академиянын жаңы Уставы кабыл алынды.

Сессиянын жүрүшүндө, УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, академик Мурат Садырбекович Джуматаев жаңы Уставдын долбоору тууралуу маалымат берди. «Жаңы Уставды кабыл алуу зарылчылыгы «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына байланыштуу келип чыккан. Бул арада академиянын ичинде Жумушчу топ түзүлүп, аталган документтин долбоорун иштеп чыгышты. Ага ылайык, Улуттук илимдер академиянын Президиумунун макамы жана мекеменин президентин шайлоо боюнча беренелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан сырткары, УИАнын ишиндеги маанилүү беренелер өзгөртүлүп, милдеттери менен функциялары такталды» – деп кошумчалады академик М.С. Джуматаев.

Чогулушка катышкан илимпоздордун көпчүлүгү бүгүнкү күндөгү Илимдер Академиясынын деңгээлин көтөрүп, жаңы багытта иш алып барууну сунушташты. Алардын бири, академик Р.Д. Дженчураева: «Илимдин акырындык менен өнүгүп баратканы кубандырат. Себеби, Илимдер Академиясы жок республиканы – интелектуалдык, светтик жана толук мамлекет деп эсептөөгө мүмкүн эмес» – деген ою менен бөлүштү. Буга кошумча корреспондент-мүчө Р.О. Оморов УИАнын Түштүк бөлүмүнө тектеш Нарын жергесинде да өзүнчө бөлүм ачууну сунуштады.

Окумуштуулар жаңы Уставдын долбоорунун концепциясын жалпысынан колдоорун билдиришти. Эми бул документ Өкмөт тарабынан бекитилиши зарыл.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер