Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
М.Джуматаев УИАнын Түштүк бөлүмү менен таанышты

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу М.Джуматаев Ош жана Жалал-Абад шаарларына болгон иш сапарларында УИАнын Түштүк бөлүмүнө кирген илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлери менен жолукту.

Жолугушууга КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары жана аталган министрликтин Илим департаментинин директору А.Муратов, Гуманитардык жана экономика илимдери бөлүмүнүн төрагасы А.Акматалиев жана Түштүк бөлүмдүн төрагасы Б.Токторалиев катышты.

Анда академик М.Джуматаев УИАнын илимий ишмердигине байланышкан реформалар жана илимдер академиясы тууралуу мыйзамдагы өзгөртүүлөр менен мекеменин учурдагы иштери жөнүндө айтып берди. Түштүк бөлүмдүн окумуштууларынын көтөргөн негизги маселелеринин бири илимий мекемелерди каржылоо жана айлык акыны жогорулатуу болуп келет. А.Джаманбаев атындагы Жаратылыш ресурстары институтунун лабораторияларынын биринин жетекчиси, техника илимдеринин кандидаты У.Абдуалиев илимий кызматкерлердин маянасы көтөрүлүп, лабораториялар прибор жана жабдуулар менен камсыздалабы деген суроосун узатты. М.Джуматаев окумуштуунун суроосуна жооп берип жатып, өлкөдө илим үчүн 500 млн. сом бөлүнгөнүн, бирок бул каражат аталган маселелерди чечүү үчүн жетишсиз экендигин айтты. Ошондой эле сатылып алынган компьютерлер менен уюштуруу техникасы институттарга бөлүштүрүлүп берилерин кошумчалады.

Энергоресурстар жана геоэкология институтунун кызматкерлери илимий кадрлардын жетишпей жаткандыгын, Чаткалдагы экологиялык жагдайды айтышты. Илимий кызматкер А.Досбаев мындай деди: “кызматкерлер жетишпейт, анткени, 6-7 миң сом ЖОЖдордогу айлык акыга тең келе албайт. Андан сырткары көптөгөн иштелмелер болгону менен инвестиция тартуу менен гранттарды алууда кыйынчылыктар болууда. Себеби, чет өлкөлүк өнөктөштөр өкмөттүк эмес уюмдарды тандап кетүүдө”

П.Ган атындагы Токой институтунда материалдык-техникалык камсыздоо маселеси олуттуу болуп турганын кенже илимий кызматкер А.Пернеев айтып берди: “Жаңгакты микроклоналдык жол менен көбөйтүү үчүн жабдуу, эмдөөлөрдү ишке ашыруу үчүн күнөскана зарыл болууда. Өсүмдүктөрдүн генетикалык материалдарын сактоо үчүн генетикалык изилдөөлөрдүн лабораториясы керек. Мындай изилдөө “Грек жаңгагы Кыргызстандан чыкканбы?” деген суроого жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берет” – деди.

Жолугушуунун соңунда М.Джуматаев коюлган маселелерди чечип берүүгө аракет жасалаарын билдирди.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер