Бул жолку ишембиликте дендропарктын территориясы таштандыдан тазаланды. Андан соң институттун кызматкерлери илимий изилдөөлөр үчүн маалыматтарды чогултууга өттү.
“Токойдун маанисин эске алуу менен өзгөчө климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу процесстердин алкагында жана дүйнө коомчулугунун токойдун функциясын изилдөөдөгү маселелерге жана кайра калыбына келтирүүгө көңүл буруп баштаганда, анын зарылчылыгын баалап илимий негиздеги токой чарбасын киргизүү керек болууда. Аткарылган иштерге баа берүүгө, биздин жаратылыштык-климаттык шарттарда токойдун туруктуу өнүгүүсүнүн методдорун иштеп чыгууга багытталган изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл” – деген оюн билдирди Токой институтунун окумуштуу катчысы Муслим Ражапбаев.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1747