Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Эл аралык симпозиум

22-24-августта “Экологиялык коопсуздук жана Жибек-Жолундагы айлана-чөйрөнү коргоо” аталышындагы Эл аралык симпозиуму өтөт.

Симпозиумдун негизги милдети – Борбор Азия жана башка өлкөлөрдөн келген окумуштуулардын, изилдөөчүлөрдүн, практиктердин, мамлекеттик ишмерлердин башын бириктирүү жана эл аралык кызматташтыкты жандантуу. Ал эми негизги максаты – илимдеги идеялар менен бөлүшүү, тажрыйба алмашуу, Жибек-Жолунда жайгашкан өлкөлөрдүн кызматташтыгынын келечеги, ошондой эле региондогу тобокелчиликтер менен ички маселелерди изилдөө болуп эсептелет. Симпозиумдун тематикасы өзүнө экологиялык маселелерди башкаруу, регионалдык туруктуу өнүгүү, жаратылыш кырсыктарын жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу, ишкерлик жана логистика, коомдук саламаттыкты сактоо, экосистеманы моделдештирүү, ГИС (Геомаалыматтык система) технологиясы (дистанциялык зонддоонун тиркемеси) деген сыяктуу дисциплиналарды камтыйт.

III Эл аралык симпозиумду Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Геология институту жана Суу маселелери институту, КЭР (Кытай Эл Республикасы) илимдер академиясы, Тажикстан илимдер академиясы, экосистеманы башкаруу боюнча (UNEP-IEMP) эл аралык өнөктөштүгү UNEP менен биргеликте Борбор Азиянын экологиясы жана айлана-чөйрөсүн коргоо илимий-изилдөө борбору (Бишкек), КЭР илимдер академиясынын Синьцзяндагы экология жана география институту, Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борбору, Алматыдагы жана Душанбедеги Борбор Азиянын экологиясы жана айланы-чөйрөсүн коргоо илимий-изилдөө борборлору уюштурууда. УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, академик М.Джуматаев жана КЭР илимдер академиясынын Синьцзянь филиалынын вице-президенти, профессор Chen Xi иш-чарага төрагалык кылат.

Симпозиумдун өтүүчү жери – Боз-бешик айылы (Ысык-Көлдүн түштүк жээги).


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер