Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“УИА кабарлары” илимий журналынын жаңы саны чыкты

“Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналынын жаңы саны жарык көрдү. Бул санына биология, геология, филология, экономика, тарых, культурология, маалыматтык технологиялар жана укук тармагындагы илимий-изилдөөлөр жарыяланды.

УИАнын Биология жана топурак таануу институтунун ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты А.Усупбаевдин макаласында Кыргызстанда (Алай кырка тоосу, Кичи-Алай дарыясынын бассейни) өсүп жаткан өсүмдүктүн Trisetum Pers. (Poaceae) тукумундагы жаңы түрү – Trisetum Kirghizica жөнүндө маалымат берилди.

Ошондой эле илимпоздор коллективи тарабынан Ак-Талаа районунун Ак-Жар жана Кара-Бүргөн коктуларындагы, Тоң районунун Кубакы ашуусу жана Боом капчыгайындагы Patrinia intermedia формациясындагы өсүмдүктөр ассоциациясынын 7 тобунун флористикалык курамы изилдөөгө алынды.

Авторлор К.Жугинисов менен А.Жунушов bluetongue virus – BTV деген аталыштагы майда малдын вирустук ылаңын изилдөөгө алып, жыйынтыгы менен бөлүшүштү. Бул жана башка материалдар менен “УИА кабарлары” илимий журналынын жаңы санынан тааныша аласыздар.

Маалымат үчүн: КРнын Жогорку Аттестациялык комиссиясынын 2016-жылдын 37-декабрындагы №246 токтомуна ылайык, “Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналына чыккан макалаларга 20 баллдык рейтинг ыйгарылат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер