Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргызстан менен Кытайдын окумуштуулары Кытайда геологиялык изилдөө жүргүзүштү

“Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналынын жаңы санында Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Кытайдын окумуштуулары өзүлөрүнүн илимий иштеринин натыйжасын тартуулашат.

Окурмандар журналдын “Маалыматтык технологиялар” деген бөлүгүнөн Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтунун илимпоздору Ж.Шаршеналиевдин жана А.Бакасовдун өзүн-өзү уюштуруучу татаал динамикалуу тутумдарды вектордук башкаруудагы көйгөйлөрүнө байланышкан макалалары менен тааныша алышат. Ал бөлүмгө ошондой эле окумуштуу С.Гадоевдин (Тажикстан Улуттук университетинин Физика факультети) ар кыл сырткы факторлордун таасирин көзөмөлдөөдө интегралдык схемаларды колдонуу, ыңгайлуу интерпретациялык формада алгачкы жыйынтыктарды иштеп чыгуу жана жана аны даана көрсөтүүнү камсыздаган иштелмелери киргизилди.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясы КЭР (Кытай Эл Республикасы) илимдер академиясы менен биргеликте Вуласитай аймагында (батыш Жунгар, Кытай) жайгашкан тоо-тектеринин литологиялык мүнөздөмөсү менен жашын аныкташкан жана ал маалыматтарды уран-коргошун методу менен алышкан.

Андан сырткары “УИА кабарлары” илимий журналынын бул санына Кыргыз кырка тоолорунун жана Чүй өрөөнүнүн дары-дармек өсүмдүктөрүнүн мите микромицеттерин алкактар боюнча таралышы (авторлору – Э.Касымбекова, С.Мосолова) боюнча жана Батыш Тянь-Шандагы ак карагай токойлорундагы базидиялуу козу карындардын изилденүүсү тууралуу чыкты (авторлору – Г.Калыкова, А.Сагитов).


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер