Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Т.Старусева: Ч.Айтматовдун чыгармачылык таланты адамзаттын руханий багыты катары

Окурмандар “Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналынын экинчи санынан гуманитардык илимдер тармагындагы бир катар изилдөөлөр менен тааныша алышат.

Андагы Т.Старусеванын макаласында Ч.Айтматовдун көп кырдуу таланты адамзаттын руханий багыты катары каралат. Ал эми Пекин педагогикалык университетинин аспиранты Ван Юе Л.Петрушевскаянын чыгармачылыгынын мисалында лингво маданият таануунун прецеденттик типтеги мифологемдери маселесине кайрылган.

Ошондой эле журналдын бул санында биздин мамлекет үчүн актуалдуу болгон, жер ресурсун башкаруунун принципиалдуу жаңы методдорун колдонууга мүмкүнчүлүк берген кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү маалыматтык системасын түзүү жана ошол эле учурда кыймылсыз мүлк рыногунун өнүгүүсүнө стимул берүү темасы каралат.

Андан сырткары Казакстандык (А.Джарлыкасымов “Заманбап Казакстандагы укуктук тарбия жана билим берүү”) жана Тажикстандык (М.Раупова “Жаратылыш айлана-чөйрөсүн булгоонун натыйжасында жарандарга келтирилген зыян боюнча компенсация”) окумуштуулардын укук маселесин чагылдырган макалалары жарык көргөн.

Маалымат үчүн:
Журнал жылына 4 жолу басылып чыгат. Эске сала кетсек “Илим” маалымат-басма борбору өткөн жылдын сентябрь айында Россиянын илимий электрондук китепканасы менен Россиянын илимий цитаталоо индексине (РИЦИ) киргизүү боюнча келишим түзгөн. Келишимдин талаптарына ылайык аталган борбор КР УИАнын журналында жарыяланган бардык макалаларды www.eLIBRARY.RU сайтына жайгаштырып, РИНЦке киргизген.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер