Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Касым Тыныстанов жөнүндөгү макала жарык көрдү

Р.Сыдыкованын “К.Тыныстанов. Чыгармачыл бейне” аталышындагы макаласы жарык көрдү. Аталган макала “Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналына чыккан. Анда кыргыз тилинин изилдөөчүсү жана мамлекеттик ишмер К.Тыныстановдун чыгармачыл жолу сүрөттөлүп, анын илимге кошкон салымы тууралуу маалымат берилет.

Ошондой эле, автор “Жаңыл Мырза” поэмасынын мааниси жана бул чыгарманын адабий талдоосуна кеңири токтолот.

Ошондой эле кыргыз пиктографиялык жазуусу, анын енисейлик жазма эстеликтерде сакталышы, аларда айбанаттар стилинин орун алышы, кыргыз петроглифтериндеги тотемдер деген темаларга багытталган (автору – К.Джаманкулова) жана кыргыз жана казак тилдериндеги үндүү тыбыштарды изилдөөгө алган (автору – Муктарбек кызы Ширин) макалалар жарыяланды.

“УИА кабарлары” илимий журналына Э.Султановдун “Андрон тарыхый-маданий коомчулугунун көрүстөнүндө табылган кишинин күйгүзүлгөн калдыктарын аныктоо боюнча маселелер” аталышындагы макаласы жарык көрдү. Макалада коло доорунда жашаган андрон урууларынын көмүү салтындагы өлгөн кишини өрттөп көмүү маселеси каралган.

Маалымат үчүн:
Журнал жылына 4 жолу басылып чыгат. Эске сала кетсек “Илим” маалымат-басма борбору өткөн жылдын сентябрь айында Россиянын илимий электрондук китепканасы менен Россиянын илимий цитаталоо индексине (РИЦИ) киргизүү боюнча келишим түзгөн. Келишимдин талаптарына ылайык аталган борбор КР УИАнын журналында жарыяланган бардык макалаларды www.eLIBRARY.RU сайтына жайгаштырып, РИНЦке киргизген.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер