Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Бишкектеги курт-кумурскалардын жашоосу жөнүндө макала жарык көрдү

“КР УИАнын Кабарлары” илимий журналына Темиркул кызы Каухардын “Бишкек шаарынын шартында PROFENUSA PYGMAEA нын (KLUG, 1818) жашоо тиричилигине климаттык факторлордун тийгизген таасири” аталышындагы макаласы чыкты.

Анда курт-кумурскалардын жашоосу көптөгөн климаттык факторлордун таасири алдында болгондуктан, эмен таарыгычынын өрчүү баскычтарына аталган факторлордун тийгизген таасири каралды. Ошондой эле өсүүсүнүн чеги жана жашоосу үчүн эффективдүү температуранын суммасы аныкталды.

Андан сырткары “Сергей Григорьевич Кляшторныйдын жаркын элесине: даңазалуу түрколог” аталышындагы макала жарык көрдү. Анда советтик жана чыгыштаануу илиминин көрүнүктүү өкүлү, белгилүү окумуштуунун өмүр таржымалы жана илимдеги салымы чагылдырылган. Аталган макаланы Т.Султанов “Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналына жарыялаган. С.Кляшторныйдын Евразия чөлкөмүндөгү түрк элдеринин тарыхы, байыркы түрк жазма эстеликтеринин текстологиясы жана булактаануу тармактарында эмгектери жарык көргөн. Бул эмгектердин басымдуу бөлүгү Борбордук Азиянын тарыхы жана маданияты боюнча дарстарда Казакстан, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында алмашкыс окуу куралы болуп таанылган.

Маалымат үчүн:
Журнал жылына 4 жолу басылып чыгат. Эске сала кетсек “Илим” маалымат-басма борбору өткөн жылдын сентябрь айында Россиянын илимий электрондук китепканасы менен Россиянын илимий цитаталоо индексине (РИЦИ) киргизүү боюнча келишим түзгөн. Келишимдин талаптарына ылайык аталган борбор КР УИАнын журналында жарыяланган бардык макалаларды www.eLIBRARY.RU сайтына жайгаштырып, РИНЦке киргизген.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер