Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуттук илимдер академиясынын Э. Гареев атындагы Ботаникалык багынын аймагына лаборатория куруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келерин жана ал жердеги сейрек өсүмдүктөр коркунучка кабыларын белгиледи.
Мамлекет башчысынын ою боюнча, Ботаникалык бак өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагынын статусуна ээ болуу менен Кыргыз Республикасынын улуттук казынасы катары мамлекеттин коргоосу алдында турат.
Өндүрүш көлөмүн оптималдаштыруу жана атаандаштыкка жарактуу айыл чарба, мал чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо процессинде карантиндик, фитосанитардык жана ветеринарнык лабораторияны түзүү зарылдыгын эске алуу менен, Президент Алмазбек Атамбаев Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакка экологиялык залака келбесин үчүн лабораторияны куруу боюнча башка чечим иштеп чыгууну Өкмөткө сунуштады.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1689