Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИАнын лабораториясы талашка түштү

9-августта Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айлындагы КР УИАнын дендропаркынын лабораториясынын бир бөлмөсүн менчиктештирүүгө талапкер А. Турсунбаева демилгелеген соттук отурум өтөт. Бул бөлмө КР УИАнын П.А.Ган атындагы Токой институтунун балансында катталган жана дендрологиялык парктын территориясында илимий-изилдөөчү иштерди жүргүзүү үчүн каралган.Белгилүү болгондой, А.Турсунбаева бул бөлмөдө 2013-жылдан бери жашайт.

Мурдараак, 2016-жылы бул маселе боюнча эки соттук чечим чыгарылган, анда доочуга аталган бөлмөнү ээлегенге укук берүүдөн баш тартылган, себеби ал бөлмөнү ээлегенге доочунун укугун тастыктаган документтер алып келинген эмес жана ал аталган жерде жашаганга укугу жок деген чечим чыккан. Эскерте кетсек, А.Турсунбаева дендропарктын жанындагы “Академия наук” эс алуу үйүндө 2012-2013-жылдары, жай айларында иштеп кеткен, бирок бул жагдай ал бөлмөнү үй катары менчиктеп алганга мүмкүнчүлүк бербейт. Себеби эс алуу жайынын кызматкерлерине пансионаттын территориясындагы бөлмө сезон убагында гана каралат, бирок ал убактылуу гана.

Маалымат үчүн:
Талашылып жаткан бөлмө жашай турган бөлмө катары статуска ээ эмес (ал лаборатория) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын балансында туруп, мамлекеттик мүлк деп эсептелет. Академия аны Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бирөөгө ыйгарууга укугу жок. Ошондой эле, ал бөлмө адам жашаганга берилбеши керек, себеби ал илимий-изилдөөчү иш жүргүзгөнгө каралган. Ал эми бүгүнкү күнү А.Турсунбаевага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси (жалган документтерди жасоо) жана 166-беренеси боюнча (алдамчылык) кылмыш иштери козголгон.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер