Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИА менен РИАнын ортосундагы илимий кызматташтык келишими

11-августта Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун жана Россия илимдер академиясынын Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы Этнология жана антропология институтунун ортосунда илимий кызматташуу келишимине кол коюлду.

Аталган документке кол коюу учурунда РИАнын Этнология жана антропология институтунун директору, тарых илимдеринин доктору Марина Юрьевна Мартынова бири-бирине тектеш маселелер изилденип жатканын белгилеп, институттар арасындагы кызматташтыктын мааниси тууралуу айтып өттү.

“Евразия элдеринин ассамблеясы сыяктуу коомдук, эл аралык уюмдар кабыл алып жаткан чечимдер илимий фундаментке ээ болушу зарыл” – деди.

Жолугушууда УИАнын президентинин милдетин аткаруучу М.Джуматаев жана Тарых жана маданий мурастар институтунун директору А. Асанканов илимий экспедицияларды, изилдөөлөрдү биргелешип өткөрүүнүн, биргеликте илимий кадрларды даярдоонун келечеги, Кыргызстан менен Россиянын тарыхый байланыштары жөнүндө айтышты. Андан сырткары россиялык кесиптештер УИАнын жетекчилиги тарабынан Улуу Октябрь революциясынын 100 жылдыгына арналып, быйылкы жылдын ноябрь айында өтө турган Эл аралык конференцияга чакырылды.

Маалымат үчүн:
Илимий кызматташтык келишимине кол коюу биргелешип иш алып баруунун уландысы болуп саналат. Буга чейинки УИАнын Тарых жана маданий мурастар институту жана РИАнын Этнология жана антропология институтунун кызматташуусунун натыйжасында, 2016-жылдын аяк ченинде “Кыргыздар” китеби жарык көргөн. Китеп эгемендүү Кыргызстандын этносоциалдык илиминин тарыхында алгачкы жолу салттуу окуялар менен катар эле тарнсформациялык этносоциалдык жана этно маданий процесстерди масштабдуу изилдөөгө алган басылма болуп эсептелет.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер