Кыргыз Республикасынын Премьер министри Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Стамбул шаарындагы “Zeytinburnu” маданий борборунда өткөн улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата кыргыз-түрк тилдеринде жарык көргөн 3 томдук “Манас” эпосунун бетачарына катышып, сөз сүйлөп, “Манас” эпосунун дүйнөлүк маанисине токтолуп, котормочуларга ыраазычылык билдирди.
Бул китептердин башкы редактору, академик Абдылдажан Акматалиев манасчынын вариантынын өзгөчөлүгү тууралуу доклад жасады. Көркөм текстерди даярдоодо Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий кызматкерлери активдүү катышкан. Бетачарга Стамбул шаарынын мэри К. Топбаш министрлер Э. Абдылдаев, Т. Казаков, Г. Кудайбердиева жана түрк-кыргыз коомчулугу катышты.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2180