Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун окумуштуусу, филология илимдеринин доктору Айнура Кадырмамбетова Бишкекте өтүп жаткан “Айтматов окуулары: маданият диалогу” аталышындагы форумга катышты. Иш-чарада илимпоз“Чыңгыз Айтматовдун мифопоэтикалык философиясы” деген темадагы докладын окуду.
“Бүгүнкү күнү өтүп жаткан жазуучулар менен интеллектуалдардын Эл аралык форумуна дүйнөнүн булуң-бурчунан келген филологдор, философтор, жазуучулар, маданият жана искусство таануучулар, саясат таануучулар жана экономисттер катышып, бири-бири менен пикир алышууда” – деди А.Кадырмамбетова.
Ал эми докладында болсо Ч.Айтматовдун чыгармаларын талдап, жазуучунун мифтик сюжеттерге жана образдарга көп кайрылганын белгилей кетти.“Негизи маданияттын дагы, диндин дагы жана философиянын дагы түбү мифологиялык аң-сезимден башталат. Андыктан, залкар жазуучу дагы “Ак кеме”, “Гүлсарат”, “Кассандранын эн тамгасы” деген сыяктуу чыгармаларында мифтик сюжетке басым жасаган” – деди.
Форумга Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Татарстан, Башкырстан, Египет, Кытай, Оман, Сирия, Палестина жана Марокко өлкөлөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү чакырылган. Иш-чаранын максаты Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы гуманисттик идеяларды, жеке адам, коом жана жаратылыш ортосундагы жана ар кыл маданияттардын, диндердин жана элдердин ортосундагы мамиленин өнүгүүсүн талкуулоо менен пикир алмашуу.
Интеллектуалдардын башын бириктирген масштабдуу форумду КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен “Россия – Ислам дүйнөсү” стратегиялык көз караштар тобу уюштурган.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1901