Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИА уюштурган экологиялык коопсуздук боюнча симпозиум башталды

Бүгүн, 22-августта Ысык-Көлдүн Боз-Бешик айылында Жибек-Жолундагы экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо темасына арналган симпозиум башталды. Иш-чаранын милдетине Борбор Азиянын жана башка өлкөлөрдүн окумуштууларынын жана мамлекеттик кызматкерлеринин башын бириктирип, эл аралык кызматташууга чакыруу кирет.

Илимий идеяларды, тажрыйбаларды жана билимдерди алмашуу, Жибек-Жолундагы өлкөлөрдүн проблемаларын жана өнүгүүсүн талкуулоо, ошондой эле аймактын тобокелчиликтер менен ички көйгөйлөрүн изилдөө симпозиумдун негизги максаты болууда.

“Окумуштуулар техногендик кырсыктарды, табигый кырсыктарды жеңүү үчүн идеяларын, илимий болжолдоолорун ортого койгондугу, пикир алмашуусу, алардын маанилүүлүгү Борбор Азияга эле эмес, дүйнө жүзү үчүн да орчундуу болууда. Ошондуктан иш-чарага байыртадан кошуна Кытай, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрү гана эмес, Батыш өлкөлөрдүн дагы окумуштуулары келип отурат. Семинарда кабыл алынган тезистер ишке ашып, ийгиликтерди алып келет деп ишенебиз” – деди симпозиумду ачып жатып Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу, академик Мурат Жуматаев. Симпозиум экологиялык проблемаларды жана башкарууну, регионалдык туруктуу өнүгүүнү, кырсыктарды жана тобокелчиликтерди жөнгө салууну, бизнес жана логистиканы, коомдук саламаттыкты сактоону, экосистемаларды моделдөөнү, ж.б. ар тараптуу дисциплиналарды ичине камтыйт.

Донг Юнше“Учурда окумуштуулар биринчи этаптагы иштери жөнүндө билдирүүлөрдү жасап жатышат. Окумуштуулардын биргелешип жасаган иштеринин жыйынтыгы Кытай илимдер академиясынын Эл аралык бөлүмүнүн кызыгуусун туудурду. Бул деген илимий изилдөөлөрдү каржылоо ишине кунт коюлуу мүмкүнчүлүгү көбөйөт дегенди билдирет. Иштин биринчи этабында Жибек-Жолунун боюндагы өлкөлөрдүн жалпы проблемалары каралса, экинчи этабында ар бир өлкөнүн өзүнө гана тийиштүү көйгөйлөрү каралып, аны чечүүнүн механизмдери сунушталат. Мында илимпоздор кайсы проблемаларды чечүүнү биринчи планга коюш керектигин чечип бериши керек” – дейт Кытай илимдер академиясынын Синьцзяндагы Экология жана география институтунун директорунун орун басары Донг Юнше (Dong Yunshe).

“Кырсыктардын алдын алууда аларды алдын ала изилдөө иштери өтө маанилүү. Ошондуктан Кыргызстанга келчү инвестициялардын ичинде мөңгүлөрдү, кургакчылыкты жана тоо этегиндеги процесстерди изилдөө маселелери да каралган. Иш-чарадагы айтылган ойлор биздин мекеменин ал максатка жетүүсүнө салым кошот” – деген пикирин билдирди КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжоев.

22-24-августта өтүүчү Үчүнчү Эл аралык симпозиумду “Борбор Азиялык экологияны жана айлана-чөйрөнү илимий-изилдөө борбору”, экосистемаларды башкаруу UNEP, КЭР ИАнын Синьцзяндагы Экология жана география институту, КР УИАнын геология институту жана Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту, Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борбору, Тажикстан илимдер академиясы, Алматадагы жана Душамбедеги Борбор Азиянын Экология жана айлана-чөйрөнү илимий-изилдөө борборлору менен биргелешип уюштурууда.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер