Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жакшыртуу багытында 115 китеп жарык көргөн

Улуттук Илимдер академиясында өткөн жылдагы “Тарых жана маданият жылына” карата жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын негизинде жана Үркүндүн 100 жылдыгынын алкагында жарык көргөн китептеринин бетачары болуп өттү.

Иш-чара Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн жылдык жыйынтыгынын алкагында уюштурулуп, ага КР мамлекеттик архивдин директору О.Ахмедов, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Н.Ишекеев, ЖАКтын өкүлү, академиктер, тил-адабият, тарых, философия, экономика тармактарынын көрүнүктүү окумуштуулары, жогорку окуу жайларынын окутуучулары менен студенттери, бөлүмдүн кызматкерлери катышышты.

Гуманитардык жана экономикалык бөлүмдүн төрагасы, академик Абдылдажан Акматалиев өткөн жылдын жемиштүү жылдардын болгонун белгиледи:

“Тарых жана маданият жылынын” алкагында бир катар алгылыктуу иштер жасалып, “Манас” энциклопедиясы толукталып басылып, жакын арада “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрү жарык көргөнү турат. Советтик идеологиянын тушунда тыюу салынган акындардын көмүскөдөгү ырлары жарыкка чыкты. Мурда жазылбаган элдик оозеки чыгармаларга, мурда карала элек котормолорго орун берилди. Ошондой эле алгачкы жолу “Өзбекче-кыргызча”, “Дунганча-кыргызча”, “Арабча-кыргызча” сөздүктөр чыгарылды. Араб ариби менен жазылган чыгармалар кирил тамгаларына которулуп жазылды. Төкмө акындардын үн жаздыруулары толукталып, жаш акындардын айтышы диктофондордон, КТРКдан (Коомдук телерадио корпорациясы) алынып жаздырылды”.

Мамлекеттик тилди жакшыртуу жана жайылтуу максатында 2015-2016-жылдары жалпы 115 китеп жарык көргөн. Адабият багытында “Манас” энциклопедиясы 2 том, “Эл адабияты” сериясы 20 китеп, “Залкар акындар” сериясы 15 китеп кайрадан толукталып жарык көргөн. Ошондой эле 40 жылдан бери биринчи жолу “Айтыштар” сериясы 5 том көлөмүндө басылган. “Окурмандардын китеп текчеси” деген сериянын алкагында кыргыз адабиятындагы негизги деген көркөм чыгармалары 20 том көлөмүндө жарыяланды. Аталган сериялар кийинки жылы да улантылат.

  1. Үркүндүн 100 жылдыгынын алкагында “Тарых жана маданий мурас” институту тарабынан 9 китеп жарык көрдү.
  2. “Тарых жана маданият жылына” карата “Кыргызстандын тарыхынын” 2 тому жарык көрдү, 1 тому басмада жана “Философия жана саясий укуктук изилдөөлөр” институту тарабынан 3 китеп жарык көрдү.
  3. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын урматына “Куттуу билим” чыгармасынын академиялык басылышынын 3 тому толукталып кайрадан жарык көрдү.

Улуттук программанын алкагында Алтай, Түштүк Сибирь, Монголия жана республикабыздын дээрлик баардык аймактарына фольклордук-диалектологиялык экспедициялар уюштурулуп, материалдар жыйналды. Ошондой эле “Айтматов окуулары – 2015, 2016”, “Юнусалиев окуулары – 2015” сыяктуу бир нече Эл аралык жана республикалык илимий-практикалык конференциялар өткөрүлдү.

Бөлүмдүн курамында 5 илимий мекеме жана борборлоштурулган илимий китепкана бар. Бул мекемелердеги жалпы кызматкерлердин саны – 268, илимий кызматкерлердин саны 206, алардын ичинен 5 академик, 18 корреспондент мүчө, 41 илимдин доктору, 80 илимдин кандидаты эмгектенет.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер