Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен-геологиялык илимдер бөлүмүнүн илимиий жыйынтыктары

9-февралда КР УИАнын Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен-геологиялык илимдер бөлүмү (ФТМТКГИБ) 2017-жылы жасаган илимий иштеринин отчётун тапшырды. Бөлүмдүн ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар ФТМТКГИБнин төрагасы, академик Аскар Кутанов жана Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору Нурбек Жеенбаевдин докладдарынын негизинде тааныштырылды.

Жалпысынан алганда бөлүмдө төмөндөгүдөй институттар иш алып барат: Автоматика жана маалыматтык технологиялар институту, Математика институту, Ж.Жеенбаев атындагы Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институту, Сейсмология институту, М.Адышев атындагы Геология институту, Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту, Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту жана Машина таануу институту. Өткөн жылы аталган институттар бюджеттик каражаттын эсебинен 110721,7 сомго 23 фундаменталдык жана прикладдык долбоорду ишке ашырган. 49 чарбалык жана контракттык  келишим аркылуу – 1124,73 миң сом түшкөн. Ошондой эле эл аралык конференцияларга катышууну кошкондо эл аралык гранттардын эсебинен  438,8 миң АКШ долларына 7 долбоор иш жүзүнө ашырылган. КРнын билим берүү жана илим министрлигинин каржылоосу астында 40 миң сомго 1 долбоор даярдалган.

Бул жылы окумуштуулар иштелмелер үчүн 17 патентке ээ болгон жана 4 иштелмеге уруксат берилген. Бөлүмдүн институттары экономикалык, социалдык жана технологиялык натыйжалары камсыздалган 26 иштелмени чарбалык субъектилерге, мекемелерге жана окуу жайларга өткөрүп беришкен.

Дискуссиянын жүрүшүндө академик Ильгиз Айтматов илимдер академиясынын илимий потенциалын интеграциялоо боюнча: “Биздин бөлүмдүн институттары жана башка институттар, мисалы, химик, биолог жана экологдор биргелешип өлкөнү өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын иштеп чыкса иш майнаптуу болмок. Биздин өлкөдөгү көптөгөн социалдык-экономикалык маселелердин чечүү жолдорун камтыган Жер жөнүндөгү илим чөйрөсүнүн илим изилдөө программасын иштеп чыгып, андан кийин аны Өкмөткө сунуштоо зарыл”, – деди.

Андан сырткары ИИМдер төмөндөгүдөй жыйынтыктарга жетишишкен:

Математика институту:

Ар кыл практикалык маселелерди чечүүдө колдонула турган, маанилүү деп саналган бир катар математикалык фундаменталдык изилдөөлөр жүрдү.

Түрлүү параметрлерге ээ тикелей жана дүң жеткирүүлөрү бар чарбалык субъектилердин продукцияларын сатууда жана өндүрүштү оптимизациялоодо колдонулуучу маселелердин математикалык моделдери иштелип чыкты.

Ж.Жеенбаев атындагы Физика-техникалык жана материал таануу институту

  •  Жогорку волттуу фарфор керамикасы үчүн глазурдун оптималдуу курамын алуунун технологиясы иштелип чыкты.
  • Радионуклиддик, химиялык жана элементтик курамдын жаратылыш жана техногендик системасынын маалыматтары алынды. Калдык сактагычтардагы радиациондук фонду мейкиндикке карата бөлүүнүн схемасы түзүлдү.
  • 200,120 кВТ жана 20 кВТка ылайыкташкан микро ГЭСтердин иштелмеси даярдалды  Аталган микро ГЭСтер  Ноокат  и Токтогулрайондорунда сыноого берилди.
  • . Стратосферанын алдыңкы катмарларындагы озондун суткалык айланышы жана өзгөргүчтүгү бекиди.

Машина таануу институтунда:

Төө буурчак жыйноочу машинанын ар кыл узундуктагы звеносу менен түзүлгөн тазалоочу түзүлүштүн иреттөө механизми иштелип чыкты.

Авариялык-куткаруучу иштерди аткарууга арналган жабдуунун жана гидравликалык инструменттин үлгүсү жасалып, ӨКМдин текшерүүсүнө коюлду.

М.Адышева атындагы Геология институтунда:

Кыргызстандын алтын кени боюнча масштабы 1:1000000 болгон металлогениялык карта түзүлдү. Ошондой эле “Жаратылыштык-антропогендик геосистемалардын учурдагы абалы”, “Жаратылыш коркунучтарынын картасы”(масштабы 1:260000) карталары түзүлдү.

Исследован агроклиматический потенциал Иссык-Кульской области.

Ысык-Көл облусунун агроклиматтык потенциалы изилденди. Пландан сырткары “Кыргызстандын волластонит минералы жана аны практика жүзүндө колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү” иши жасалды. Автору: И.А.Мезгин.

Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунда:

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шартында дамбалардын конструкциясын рационалдуу тандоо боюнча сунуштар иштелип чыкты;

Коопсуз жерге көчүрүлүшү керек делген жана өтө кооптуу деп саналган Мин-Куш айылында жайгашкан “Туюк-Суу” калдык сактагычындагы уран мурасын рекултивациялоо боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Сейсмология институтунда:

– Түндүк Тянь-Шандын кооптуу территориясындагы сейсмикалык кооптуулугунун жаңы  детерминисттик картасынын варианты иштелип чыкты;

– Кыргыз Республикасынын территориясында чокудагы кыртыштын ылдамдыгын (PGA) бөлүштүрүүнүн ар варианттарынын түрдүү   карталары түзүлдү;

– Токмок жана Балыкчы шаарларындагы сейсмикалык кооптуулуктун болжолдуу карта-схемасы  түзүлдү.

Кыргызстандын территориясында сейсмикалык дифференциацияланган кооптуулукту баалоонун жаңы методикасы иштелип чыкты жана апробациядан өттү.

Сейсмикалык чөйрөнүн фундаменталдык касиеттерин изилдөөнүн методикасы иштелип чыкты.

Автоматика жана маалымат технологиялары институтунда;

Айлана-чөйрөнүн параметрлерине жана ташкын жана сел коркунучуна автоматтык мониторинг системасын программалык-аппараттык камсыздоо иштелип чыкты.

Айыл-чарба продукцияларынын чоң кампаларындагы температураны жана нымдуулугунун дистанттык мониторингинин автоматташтырылган системасынын схемасы иштелип чыкты.

Татаал электр энергетика системасын башкаруунун маселелеринин бири иштелип чыкты жана чакан ГЭСтин генераторунун жыштыгын стабилизациялоо методу сунушталды.

Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунда;

Бүгүнкү күндөгү гидрологиянын абалына мониторингге баа берилди, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын суусунун бассейндерине аба-ырайынын өзгөрүүсүн эсепке алуу менен гидрологиялык мониторингдин илимий негизи иштелип чыккан.

Суу аз жана суу көп болгон жылдарда Токтогул суу сактагычына электр энергияны иштеп чыгуу үчүн керектелчү сууну оптималдуу пайдалануу боюнча сунуштар берилди.

Шамси суусунун пилоттук бассейнинин тоолуу экосистемасына баа берилди жана деградацияланган экосистемаларды калыбына келтирүү боюнча рекомендациялар иштелип чыкты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер