Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАда “Ашимов теориясы” ачылды

Гуманитардык жана регионалдык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери, корреспондент-мүчө Ашимов Исабек Ашимович “Илимий-дүйнө таануу маданиятынын абалынын өзгөрүү жана калыптануу закон ченемдүүлүгү (Ашимовдун теориясы)” (илимий ачылышка диплом №67-S, рег.№А-656) илимий ачылышын жасады, анын илимий идеясы (Күбөлүк №25-1, рег. №А-649) жана “Заманбап индивиддин илимий дүйнө таануу маданиятынын триаддык синтези” (Күбөлүк №25-1, рег.№А-649) илимий гипотезасы таанылды. 3 монографиясы чыкты, анын ичинен – 1 мамлекеттик тилде жарык көрдү.

Ал 2 илимий, 3 илимий-популярдуу макалалары жарык көрдү, ошондой эле Cassandra-Reflection.ru илимий сайтынын автору жана коммуникатору болуп саналат.

Академик, философия илимдеринин доктору Аскар Какеев Исабек Ашымовичтин илимий ачылышы, бүгүнкү окумуштуулар менен “баарлашуусу” байыркы окумуштуулар жөнүндө пикирин бөлүшүп жатып: “Исабек Ашымовичтин ачылышы стратегиялык мааниге ээ деп баа берем. Себеби бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө адамдын органдарын алмаштырып жатышат, органдарды алмаштыруунун философиялык негизин Исабек Ашымович өз көз карашында чечмелеп берди. Биз илимдин философиясын түзүүдө көп ийгиликтерге жеттик дебедимби. Мына ошол ийгиликтерге – илимдин философиясына жана тарыхына бүгүн Ашымов чоң салым кошуп отурат” – деген пикирин билдирди.

Түштүк бөлүмүнүн төрагасы Имамназар Тайчиев бөлүмдүн ийгиликтерин айтып жатып:

– Быйыл биздин бөлүмдө Кыргызстандын деңгээлиндеги ири ачылыш болду. Бул “Ашимовдун теориясы”, аталган илимий эмгек чыгармачылык жаатта иштеп жүргөндөр үчүн абдан маанилүү. Себеби медицина илиминин философиясы – ыймандуулук жана өмүр, эвтаназия, дененин бөлүктөрүн алмаштыруу маселелери баарыбызга тиешелүү – деп баса белгилеп кетти.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер