Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн ийгиликтери

КР УИАнын Түштүк бөлүмүндө үч структуралык бөлүм: А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту (ЖБИ); П.А.Ган атындагы токой жана жаңгакчылык институту (ТжЖИ) жана Гуманитардык жана регионалдык изилдөөлөр институтунун (ГжРИИ) боюнча илимий жана илимий-уюштуруучулук иш-аракеттерин координациялаган.

“Быйыл региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында биз биринчи кезекте жергиликтүү өкмөттүн деңгээлинде иш алып барууну карап жатабыз. Социалдык, экономикалык, техникалык маселелер, жергиликтүү сырьёлорду иштетүү, жождор менен интеграциялашуу, индекси кадыр-барктуу илимий журналдарга макала чыгаруу каралды. Мында Технопарк уюштурууну караштырып жатабыз. Эмгектерибиз элибизге кызмат кылышы үчүн мүмкүнчүлүк издештиребиз” – деди бөлүмдүн төрагасы Имамназар Тайчиев.

Изилдөөнүн маанилүү жыйынтыктарынан (кыскача)

 А.С.Джаманбаев атындагы жаратылыш байлыктары институту:

– “Береке” ГМЖС колдонуу менен бир алма дарагынан кошумча 1,8 кг мөмө алууга боло тургандыгы такталды, 1га бактын түшүмү 4,5ц/га түзөт. Алманын орточо баасы 15 сомду түзсө “Береке” ГМЖС пайдалануу менен кошумча ар бир гектар бактан (450 кг х15 с =6750 с) пайда алууга болот.

Этил спиртине жагымсыз жыттуу жана даамдуу заттарды кошуу менен денатурациялоо ыкмасы изилденди, этил спиртинин суу эритмелерин 0,05-0,1% скипидар менен денатурациялоонун максаттуулугу аныкталды. Скипидар экологиялык жактан адамга жана айлана чөйрөгө коркунучсуз экендиги көрсөтүлдү.

– жасалма таштарды даярдоо технологиялары анализденип, жаратылыш таштарынан алынган “суюк травертин” жасалма таштарды колдонуунун келечеги аныкталды. Заманбап акрил бириктиргичтеринин негизиндеги технологиялар жаратылыштагы структурасы жана түстүк гаммасы сакталган декоративдик материалдарды алууну камсыздайт.

– Ош областынын Өзгөн районунун Кара-Шоро дарыясынын суусунун сарпталышын эсептөө иштери аткарылды. Кара-Шоро дарыясында суунун эң көп чыгымы июнь –август айларында, эң төмөн чыгымы январь-март айларында болору аныкталды. Суунун максималдуу сарпталуусу минималдык сарпталуудан 10 эсе көп. МикроГЭС орнотууга 10 орун аныкталды.

– Эркин агымдуу варианттагы гидроагрегат даярдалды. Конструкция эксплуатацияга даяр.

Жаңгакчылык  жана мөмө-өсүмдүктөр институту (ЖжМӨИ)

– түштүк Кыргызстандын тоолуу зоналарында селекция жүргүзүүгө формаларды тандоо үчүн мөмөлүү дарактардын сортторун тандоо жумуштары аткарылды.

– грек жаңгагынын чарбалык баалуу формаларын Ыссык-Көл областынын Аксуу, Жети-Өгүз, Түп, Ыссык-Көл райондорунан тандап алуу иштери жүргүзүлдү.

-курт-кумурскалардын 27 түрү идентификацияланды, алардын ичинде: (Homoptera) – 9, (Lepidoptera) 5, (Hemiptera) – 5, (Hymenoptera) – 8.

– Бишкек шаарындагы ар түрдүү дарактардын органдарына зыян келтирүүчү өсүмдүк кенелеринин 5 түрү (Tetranichydae уруусу) идентификацияланды.

– дарак жана бадал өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүчү оорунун 4 түрү идентификацияланды.

– үштүк Кыргызстандык көчкүлөрүн типтештирүү жана классификациялоо жумуштары аткарылды.

Гуманитардык изилдөөлөр институту:

– “Ош –Кыргызстандын түштүк борбору”  /Тарых жана маданият эстеликтери/ монографиясынын кол жазмасын жазуу иштери жыйынтыкталды. Мамлекеттик жана жеке архивдерде архивдик жана библиографиялык изилдөө жүргүзүү жыйынтыкталды. Тарыхый фото жана документтер аныкталды. Аныкталган документтерди системалаштыруу жана камераларга түшүрүү иштери аткарылды. Монографиянын мурда жазылган текстерине корректировка жасалды, тарыхый маданий мурастар объектилерин кошумча фотосүрөткө тартып алуу иштери аткарылды.

– Алай районунун Гүлчө дарыясынын сол жээк тарабынын төмөнкү агымы, Кара-Шоро жеринде байыркы дөбөчөлөр урандылары (азыр уруу мазары) табылды. Археологиялык материал катары керамикадан жасалган чарбалык буюмдардын калдыктары алынды. Ошондой эле жергиликтүү калк ичинде бүтүн керамикалык буюмдарды (кумура, идиш аяктар), курулуш иштерин жүргүзүп жаткан мезгилдерде топурак казуу иштеринде таап алгандыгы аныкталды. Алдын ала маалыматтарга караганда дөбөчөлөр турган жер Улуу Жибек Жолунун соода пункттары жана калктуу жайы болуп эсептелген жана биздин эрага чейинки мезгилдердин 2 жана 4 кылымдарынын ортосундагы мезгилге туура келет.

– Кыргыз Республикасында катталган бардык конфессия (гендерди эске алуу менен) өкүлдөрү, диний агымдардын жетекчилери жана эксперттер менен фокус –группалык дискуссиялар өткөрүлдү жана 70 тен ашуун интервью алынды. Алынган маалыматтар MAXQDA  программасында кайра иштетилди.

Өткөн 2017-жылы УИАнын Түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 120 илимий эмгектер даярдалып, 81 илимий эмгек чыгарылган (алардан чет мамлекетте – 38: Россияда, Казакстанда, Таджикстанда ж.б.), анын ичинде 2 монография, 2 окуу-методикалык колдонмо, 37 илимий макалар басылмаларга берилди. 3 автордук укукка күбөлүк алынды.

Андан сырткары Түштүк бөлүмдүн ИИИнын кызматкерлери тарабынан 1 илимий-практикалык конференция, 2 тегерек стол, 5 илимий-практикалык семинар жана  актуалдуу көйгөйлөр боюнча талкуулар өткөрүлдү.

Түштүк бөлүмү Казакстан, Россия,   Израиль, Өзбекстан Түркия, Башкырстан илимий-изилдөөчү мекемелери менен  туруктуу байланыштар түзүлүп, биргеликте изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер