Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Инвестиция жана инновация маселелери талкууга алынды

14-февралда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулар кеңешинде илимий-изилдөө долбоорлоруна инвестор тартуу жана инновацияларды практика жүзүнө ашыруу сыяктуу маселелер талкууланды.

Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл-чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасы, корреспондент-мүчө Исабек Ашимов илимдер академиясынын президиумунун позициясын төмөндөгүчө белгилеп: “Азыркы шарттардагы КР УИАнын максаттуу веторлорнунун бири – экономикалык циклди жөндөөгө багытталган, инвестициялык-инновациялык өнүгүү болуп саналат. Анын ичинде жаңы илимди жана инновацияны иштеп чыгуу үчүн максималдуу түрдө инвестиция колдонуу; жаңы илимий продуктыны түзүү үчүн максималдуу түрдө жаңы илимди жана технологияны иштеп чыгуу; өндүрүштөгү сатык үчүн максималдуу түрдө жаңы илимди колдонуу; жаңы илимди жана технологияларды ашыра иштеп чыгуудан түшкөн каражаттарды макксималдуу түрдө реинвестицияга жумшоо” – деген оюн айтты.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары тарабынан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн көз карашындагы илимий иштелмелердин анализи, инвестиция жана инновация боюнча өткөрүлө турган форумдардын академиялык тематикасы, илимий иштелмелерди ишке киргизүүнүн этаптары, жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорду тартуу, эл аралык стипендиялык программаларга жаш окумуштуулардын катышуусун арттыруу сыяктуу бир катар маселелер талкууга алынды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер