Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“Космикалык изилдөөлөр борбору түзүлүшү мүмкүн, анда кыргыз окумуштуулары да иштешет”

5-февралда илимдер академиясында КР УИАнын окумуштуулары “Казакстан Гарыш Сапары” космостук технологиялар боюнча Улуттук компаниянын вице-президенти, космонавт Айдын Аимбетов менен жолугушту.

Жолугушууга КР УИАнын вице-президенти, корреспондент-мүчөсү Осмон Тогусаков, Физика-техникалык жана тоо-геологиялык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Аскар Кутанов, Химия-технология, медицина-биология жана айыл-чарба илимдер бөлүмүнүн төрагасы, корреспондент-мүчөсү Исабек Ашимов катышты.

Иш-чарада КР УИАнын вице-президенти Осмон Тогусаков бүгүнкү күндө космостук мониторингдин маанисинин (рельефти баалоо жана жаратылыш ресурстарынан себүү иштеринин сапатынан коррупцияга каршы күрөшкө чейин) жогорулап жаткандыгын белгилеп кетти. “Биз Борбор Азияда космостук изилдөөлөрдүн бириктирилген борборун түзүү мүмкүнчүлүгүн талкууладык, анын ишинде биздин да окумуштуулар катыша алышат. Ошондой эле биз казак коллегаларыбызды 2018-жылы өтүүчү академиялык инвестициялык-инновациялык форумга чакырып жатабыз, анда биз келечекте биргелешип изилдөөнү кеңири талкуулаганга мүмкүнчүлүк алабыз”, – деп жыйынтыктады окумуштуу.

Казак Эл Баатыры Айдын Аимбетов кыргыз жана казак окумуштууларынын кызматташуусунун келечеги жөнүндө пикирин бөлүшүп жатып: “Жогорку илимий потенциалы бар Кыргызстандын илимдер академиясынын жетекчилик түзүмү менен жолугушкандан кийин, биздин биргелешкен долбоорлордо чоң ийгиликтерге жетишебиз деген ойдомун” – деп кошумчалап кетти.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер