Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын президенти, академик М.Жуматаев КР УИАнын Түштүк бөлүмүндө иш сапары менен болду

15-февралда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн илимий-изилдөө институттарынын жетекчилери менен жолугушту.

Жыйында академик М.Жуматаев КР УИАсы аймактарды өнүктүрүү жылына карата жана “Кыргыз Республикасын 2018-40-жылдарга туруктуу өнүктүрүү боюнча “Таза коом – жаңы доор” улуттук стратегиясынын” долбооруна салым кошуу максатында кандай иш-аракеттерди жасашы керектигине токтолду. Ошондой эле аталган маселелерди ишке ашыруу үчүн Түштүк бөлүм менен биргелешип иштөө зарылчылыгын белгиледи. Ал эми КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн төрагасы профессор Имамназар Тайчиев Ош облусуна караштуу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдындагы илимий-техникалык кенеш жөнүндө жобонун жана биргелешип иштөөнүн концепциясы менен иш алып баруу сунушун ортого салып, ЖОЖдук жана академиялык илимдердин интеграциясынын зарылчылыгын сунуштады.

Жолугушуу Ош областындагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов төрагалыгы астында болду. Андан сырткары академик М.Жуматаев келечекте курула турган технопарктын аймагы менен таанышып, Жаратылыш Ресурстары жана Гуманитардык изилдөөлөр институтунун кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Ал эми 16-февралда Жалал-Абад облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн төрагалыгы астында жогорудагыдай жолугушуу болуп, аймактарды өнүктүрүү алкагында иш-чараларды илимий-техникалык өңүттөн уюштуруу жана аткаруу жагын камсыздоо жакшы натыйжа берээри айтылды. Андан соң академик М.Жуматаев Жаңгак, токой, суу жана энергетика ресурстары институттарынын кызматкерлери менен жолугушту.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер