Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргыз тилин компьютерлештирүү маселеси талкууланды

20-февралда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында кыргыз тилин компьютерлештирүү маселеси жана андагы көйгөйлөрдү талкууга алган жолугушуу болду.

Бул тармакта иш жүргүзүп келе жаткан адис, “Тамга-КИТ” программасынын автору Эмил Асанов кыргыз тилин компьютерлештирүүдөгү көйгөйлөр, мамлекеттик тилге тийиштүү дагы кошумча программаларды иштеп чыгуунун жолдору тууралуу айтып берди.

220IMG 8919Учурда ал кыргыз тилинин компьютердеги синтезаторун ишке киргизген. Ошондой эле жолугушууда Э.Асанов КР УИАнын Борбордоштурулган илимий китепканасына компьютердик калыпка салынып даярдалган материалдарды киргизүү сунушун айтты.

КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев илимдер академиясы учурда актуалдуу болуп турган бул маселени колдоорун, аны ишке ашыруу үчүн кадамдуу пландарды түзүп, илимий долбоор менен иш баштаса болоорун белгилеп: “Коомдук илимдерге кирген Тил жана адабият, Тарых жана маданий мурас жана Философия институттары кыргыз тилинин компьютерлешүүсүндөгү кыйынчылыктарга көбүрөөк тушугууда. Санариптештирүү убагынын талабы да ошол болгондуктан, акырындап кадам шилтей бере турган болсок, биздин долбоор бир нече жылда ишке ашып калышы толук мүмкүн” – деген оюн айтты.

Филология илимдеринин кандидаты Нурзина Ыйсаева Э.Асановдун программасы тууралуу айтып жатып: “Учурда сиздин программаңыздын колдонуу чөйрөсүнүн тар болуп жаткандыгынын бирден-бир себеби – жаштардан сырткаркы, орто жана улуу муундун компьютерди жаңыдан өздөштүрүп баштаганында. Экинчиден, 5-6 жыл мурун мекемелерде компьютер техникасы жетишсиз болчу. Улам жыл өткөн сайын компьютерге ээ болгондор көбөйүп, ошондой эле элдин компьютердик билимин жогорулатуу боюнча түшүнүгү кеңейип, аталган техникасыз иш жүрбөй тургандыгы белгилүү болгондон бери колдонуучулар арбый баштады. Ал эми жакынкы 5-6 жылда сиздин программаларыңызга карата суроо-талаптын өсөөрү калетсиз” – деди.

Иш-чарага КР УИАнын окумуштуулары, илим-изилдөө институттарынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер