Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын жаш окумуштуусу Тэйкё университетинен стажировка өтүп келди

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун жана Япониянын Яманаши префектурасындагы Тэйкё университетинин Маданий мурас институтунун келишиминин негизинде, КР УИАнын жаш окумуштуусу аталган өлкөдөн стажировкадан өтүп келди.

17 күнгө созулган стажировкада илимий кызматкер Эмил Султанов металл жасалгаларынын консервациясы жана реставрациясы боюнча практикалык сабактар менен коштолгон лекцияларга катышты.

Жаш окумуштуу Э.Султанов стажировканын программасы жөнүндө айтып берип жатып: “Иш убактыларында металл жасалгаларында колдонулган жабдууларга жана оңдоп-түзөө иштерине байланышкан кыска курстук лекциялар, радиоактивдүү жабдуулар менен иштөөдөгү коопсуздук боюнча инструктаждар өтүлүп жатты. Биз ала барган орто кылымдарга таандык Ак-Бешим шаар чалдыбарларынын (Токмок) артефактыларынын сүрөтү X-ray photo рентгенине тартылып жана X-ray deflector жабдуусу аркылуу металлдардын химиялык курамдары текшерилди. Анын натыйжасында аталган артефактыларга таандык коло жасалгаларынын көпчүлүк бөлүгүнө калай эмес, жез менен коргошун колдонулганы аныкталып, арзан болгондугуна байланыштуу орто кылымдарда тыйын жасоодо калайга караганда коргошун колдонулганы маалым болду.Окуунун акырында археологиялык объектилердин транспортировкасына жана сактоо методикасына байланышкан жасалгаларды таңгактоо иштери көрсөтүлдү. Ошондой эле дем алыш күндөрү шаар ичиндеги тарыхый жерлерге барып, неолит доорунда курулган үйлөрдү реставрациялоо иштери менен тааныштык”, – деп кошумчалады.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер