Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
ЖОЖдор менен мектептерге акысыз таратылуучу китептер

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын негизинде жарык көргөн 83 китеп КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилди.

Тагыраак айтканда институт тарабынан чыгарылган 200 нускадан ашуун эмгек аталган министрликтерге акысыз тапшырылды. Алардын арасында “Манас” эпосунун үчилтиги, “Эл адабияты”, “Окурмандардын китеп текчесине”, “Классикалык изилдөөлөр”, “Махмуд Кашкаринин “Түрк сөздөр жыйнагынын” 3 томдугу, “Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугу жана “Улуттук идея – тилде, адабиятта, философияда, тарыхта” деген эмгектин 12 томдугу бар.

КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев китептер тууралуу айтып жатып: “Бул эмгектер Президенттин Жарлыгынын жана КР Өкмөтүнүн Токтомуна ылайык жүзөөгө ашты. Мектептерге, жогорку окуу жайларына жана китепканаларга министрликтер тарабынан тизме менен акысыз жана максаттуу таратылышы керек. Ошону менен катар эле китептердин электрондук варианттары Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, КР УИАнын Борбордоштурулган илимий китепканасынын жана А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын сайттарына жайгаштырылды” – деди.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер