2018-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) Жалпы чогулушунун жылдык сессиясы өттү.
Иш-чарада КР УИАнын 2017-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчёт, алдыдагы милдеттер жана КР УИАнын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө КР УИАнын президенти, академик М.Джуматаев билдирүү жасады. Анда КР Өкмөтү тарабынан өткөн жылда илимге тийиштүү “Илим жана мамлекеттин илим-техника жаатындагы саясаты жөнүндө” Мыйзамы, “КР УИА жөнүндө” Мыйзамы, жаңы Уставы кабыл алынгандыгын айтып, ошол актыларга ылайык бир катар иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилеп кетти.
Академиянын президенти ошондой эле КР УИАнын илимпоздору иштей турган артыкчылыктуу багыттарды белгилеп кетти, ага төмөнкүлөр кирет:
- Инновациялык маалымат технологиялары жана математикалык моделдөө;
- Жаңы технологиялар жана материалдар;
- Суу жана энергия ресурстары;
- Жер жөнүндөгү илим, тоолуу аймактардагы кендерди комплекстүү изилдөө жана өздөштүрүү;
- Экология маселелери, биоресурстарды кайра өндүрүү, биологиялык коопсуздук жана климаттын өзгөрүшү;
- Адам жана коом: глобалдашуу маселелери.
Президент илим жаатында кабыл алынган мыйзамдар менен ченемдик актылар бир топ илимий уюштуруучулук маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк бергендигин баса белгилөө менен чечилбей жаткан маселелерге да токтолуп кетти.
“Буга илимди каржылоонун натыйжасыз формалары, илимий иштердин натыйжаларынын суроо-талабынын жоктугу, илим чөйрөсүнүн аброюнун төмөндөп кетиши, жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн технологияларынын деңгээлинин төмөндүгү, илимий уюмдардын жабдуусунун начардыгы, зарыл жабдуулардын кымбат болуп, жеткиликсиз болушу, инновацияларга, анын ичинде изилдөөлөргө жумшалуучу каражаттарга жеңилдетилген салык салуунун жоктугу, жаш кадрлардын тартыштыгы кирет” – деди УИАнын президенти М.Джуматаев.
КР Өкмөтүнүн өкүлү, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бейшеналиев илимдин учурдагы абалы, көйгөйлөрү, чет мамлекеттеги илимдин өнүгүүсү жөнүндө оюн бөлүшүп, илимий иштердин актуалдуулугун, келечегин салмактай билүү зарыл экендигине токтолду. “Эгерде жазылып жаткан илимий эмгектер мамлекеттин өнүгүшүнө, экономикасына салым кошпой жатса демек анын актуалдуулугунда мандем бар, аны кайра карап чыгыш керек” – деди ал жөнүндө. Ошондой эле илимпоздор илимий иштерин мамлекеттин гана чөлкөмүндө карабастан, алкагын кеңейтсе, илимди жайылтууга көңүл бөлүнсө, карапайым калкка жеткиликтүүлүгү артса деген оюн айтты. “Андан соң илимий конференция менен симпозиумдардын форматын карап көрүүнү сунуштайт элем, теоретиктер менен практиктер баарлашып, бир пикирге келишсе, диалог башталат – ошону ойлонушубуз керек болуп жатат. Учурда теориянын практикага айланышы татаал болууда” – деп баса белгилеп кетти ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Альфия Самигуллина өткөн жыл оптимизацияны башынан өткөргөн КР УИАсы үчүн оңой болбогонун айтып: “Илимдер академиясынын окумуштууларынын көзгө көрүнөрлүк иши жок деп айтаардан мурун, биз өзүбүзгө ага канчалык деңгээлде каражат бөлүнүп жатат деген суроону беришибиз керек. Анткени, бюджеттен бөлүнгөн каражат эмгек акыны гана жабаары чын. Ага карабастан, КР УИАнын илимий потенциалы өтө бийик экендиги талашсыз. Ошондой эле учурда туризм, ишкердик, кен иштетүү жана жер иштетүү багыты менен өлкөнү өнүктүрүүгө көп мүмкүнчүлүктөр бар болгондуктан, ага биринчи кезекте илимий мамиле менен силердин салымыңар керек”, – деди.
КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Абылабек Асанканов КР УИАдагы беш көйгөйлүү маселени санап жатып: “Биринчиси – Кыргызстандын улуттук тарыхын изилдеген кыргыз тили, адабияты, тарыхы жана философиясынын башка элге же башка өлкөгө кереги жок болгондуктан, ага деген каражат буйрутма түрүндө болушу керек. Экинчиси – илимдер академиясынын толугу менен компьютер менен камсыз боло электиги. Ал эми азыркы учурда илимди компьютерсиз элестетүү мүмкүн эмес. Үчүнчүсү – коомдук илимдердеги байланыштын начардыгы. Натыйжалуу иш үчүн кооперация түзүү зарыл. Төртүнчүсү – ЖОЖдордо биринчи билим берүү, андан кийин илим турат. Ал эми илимдер академиясында илим, андан кийин билим берүү турат. Бул ишти дагы координациялоо керек деген ойдомун. Акыркысы – постсоветтик өлкөлөрдүн баарында тең магистратура бар, бизде гана жок. Биз илимге магистрлерди тартуу менен эң биринчи кезекте ордубузду баса турган жаштарды даярдай алабыз”, – деди.
Жалпы чогулуштун жылдык сессиясына КР УИАнын окумуштуулары жана кызматкерлери, ЖОЖдордун ректорлору жана окутуучулары, КР Өкмөтүнүн өкүлү, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бейшеналиев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигуллина, КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаментинин төрагасы Абдыманнап Муратов жана КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрайымы Бакыт Тыналиева катышты.
Жыйындын соңунда окулган докладдар талкууга алынып, өткөн жылда ийгиликке жетишкен окумуштуулар сыйланышты жана Жалпы чогулуштун жүрүшүндө иш алып барган комиссия жылдык сессиянын токтомун кабыл алды.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2018