Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Белгилүү экономист Жумакан Лайлиевдин 90 жылдыгына арналган конференция

2018-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында кыргыз экономика илиминин негиздөөчүсү – Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, экономика илимдеринин доктору Жумакан Сулайманович Лайлиевдин 90 жылдыгына арналган илимий-конференция өттү. “Өсүү жана туруктуулук. Узак мөөнөттүү өнүгүүгө багыт” аталышындагы илимий иш-чарада окумуштууну замандаштары, кесиптештери эскерип, экономика илимин изилдөөчүлөр Ж.Лайлиевдин ишмердүүлүгүнө байланышкан докладдарын окушту.

Жумакан Лайлиевге арналган иш-чараны ачкан, Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Садырбекович Жуматаев белгилүү инсандын илимдеги тагдыры, анын жеке касиеттери жөнүндө азыноолак айтып кетти:

– Мындай тагдыр күткөн адамдар аз санда. Биринчиден, экономика илимдеринин башатында туруп, экинчиден Академиядагы Экономика институтунун негизги түзүүчүлөрүнөн болгон. Мени кызыктырган нерсе – азыр биз да биздин экономикага илим кандай салым кошуп, натыйжаларын бере алат деген маселени коюп жатабыз, илимий жетишкендиктерди өндүрүшкө киргизүүнүн механизмдерин издөөдөбүз. Жумакан Лайлиевдин эмгектери дагы ошол максатты көздөгөн экен.

экономКР УИАнын Экономика институтунун директору, экономика илимдеринин доктору Токтобюбю Дыйканбаева окумуштуунун басып өткөн жолу жана ишмердүүлүгү жөнүндө докладын окуп жатып: “Жумакан Сулайманович бизге мурас катары илимий эмгектерин гана таштабастан, таланттуу экономисттердин мектебин түзүп берип кетти. Андыктан, кийинки муун окумуштуунун өрнөктүү өмүрүнө сереп салып жатып, адамдагы бирден-бир улуу касиет – чыныгы атуулдук касиет экенине, бүгүн бааланбаган эмгек, эртең сөзсүз бааланат экендигине көзү жетет деген ишеничтемин”, – деди.

Ал эми КР УИАнын академиги Турар Койчиев замандашы тууралуу мындай деди:

– Джумакан Лайлиев Экономика институтунун түптөлүүсүнө салым кошкон жана өмүр бою илимдер академиясында эмгектенген улуу инсан. Кыргызстандагы экономика илимин жана ошол кездеги агрардык экономиканы көтөргөн алгачкы лидерлердин бири. Чогуу иштешип калгандыктан ал бийик адамдык сапаты жана баалуу эмгектери менен менин эсимде калды”

Конференцияга окумуштуулар, ЖОЖдордун жетекчилери, окутуучулар, аспиранттар жана Ж.Лайлиевдин туугандары катышты.

Конференция КР УИАнын Экономика институту тарабынан, Кыргызстандын экономикасынын учурдагы актуалдуу проблемаларын чечүүдө илимий-изилдөөчү ишмердиктин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган. Конференциянын материалдары РИНЦ системасына кирген “Экономика” журналында жарыяланат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер