Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын Ботаникалык багында ишембилик өттү

4-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Е.З.Гареев атындагы Ботаникалык багында ишембилик өттү. Ишембиликке КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев жана КР УИАнын президиуму, илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлери, ЖОЖдордун студенттери жана жаш ыктыярчылар катышты. Ботаникалык бактын аянтчалары тазаланып, таштандылар чогултулуп, арыктар казылды.

КР УИАнын президенти, академик М.Жуматаев иш-чара жөнүндө айтып жатып: “Ишембиликке илимдер академиясынын илимий-изилдөө институтунун кызматкерлери катышууда. Өкмөт башчысы Сапар Исаковдун демилгеси менен Ботаникалык бакты реконтрукциялоо иши пландалган. Ошондой эле Өкмөт башчысынын “Таза жашоо” деген улуттук кампаниясынын негизинде илимдер академиясы календардык планын түзүп алды. Алдыдагы үч айдын ичинде көп иштерди аягына чыгарууга аракет жасайбыз”, – деди.

Ошондой эле ишембиликке катышкан КР Премьер-министри Сапар Исаков Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында тазалоо жана жаңылоо иштери жүрүп жатканын белгилеп: “Алдыдагы үч айда мындай тазалоо иштерине көп көңүл бөлүнөт. Жылдан-жылга бул иштер адатка айланса дейм. Бир жылдын ичинде Ботаникалык бакты жаңылап, толугу менен өзгөртүүгө аракет кылабыз. Борбор Азия мамлекеттеринин биринде да мындай Ботаникалык бак жок болгондуктан, биз муну жакшы күтө билишибиз керек”, – деген оюн билдирди Өкмөт башчы.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер