Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Самсак Станалиевдин “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” романынын бет ачары

30-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда тарабынан уюштурулган Самсак Станалиевдин “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый-биографиялык роман трилогиясынын бет ачары өттү.

Иш-чараны ачкан КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев жазуучунун жарык көргөн чыгармасы жөнүндө айтып жатып: “Бул өзүнчө тарыхый окуя. Чындыгында, Самсак Станалиев 1960-жылдан 2000-жылга чейинки адабий доорду жана процесстерди жакшы билгендиктен, көркөм чыгарма катары чагылдыра алды. Ч.Айтматовдун образын жарата алды. Кыргыз жазуучулары тарабынан мындай эпикалык ири масштабдагы чыгарма жаралып жатышы бизди кубандырбай койбойт”, – деди.

Ал эми чыгарманын автору, жазуучу Самсак Станалиев роман жөнүндө: “Өзүмдүн мүмкүнчүлүгүмдү көрөйүн деп баштадым эле. Үч жолу артка кеткен учурум болду. Жазып жаткан адам чыгарманы баштап жатып канчалык азап тартса, акырына чыгып анын ырахатын алат. Мен да ошондой азапка батып анан акырына чыктым окшойт”, – деди.

Чыгарма адамзаттын залкар ойчул калемгери Чыңгыз АЙТМАТОВдун өмүрүнө, тагдыр-турмушуна, чыгармачылыгына, ошондой эле ал жашаган мезгил тарыхына, адабиятыбыздын өнүгүш жолундагы оош-кыйыштарга арналган. Аталган трилогия ишенимдүү жана такталган факты-маалыматтардын негизинде көркөм чагылдырылган. Ошондой эле улуу жазуучунун замандаштары, адабият менен маданияттын көрүнүктүү классиктери менен болгон карым-катышы, мамилеси турмуш чындыгы катары реалдуу сүрөттөлөт. Китеп жалпы 3000 нуска менен жарык көргөн.

Бул чыгарма жазуучу С.Станалиевдин кыргыз интеллигенциясынын тарыхы менен анын залкар инсандары жөнүндөгү тарыхый-биографиялык романдар сериясынын үчүнчүсү болуп саналат. Китептин баш сөздөрүн Жогорку Кеңештин депутаты Р.Момбеков жана академик А.Акматалиев жазган.

Иш-чарага КР УИАнын окумуштуулары, Жазуучулар Союзунун өкүлдөрү, окумуштуулар, адабиятчылар, ЖМКнын өкүлдөрү, ЖОЖдордун окутуучулары катышты.

Маалымат үчүн: Жазуучу жана адабиятчы Самсак Станалиев Токтогулдун Жазы-Кечүү айылында төрөлгөн. Ал окурман журтчулугуна кыргыз интеллигенциясынын залкар инсандары жөнүндө көптөгөн адабий изилдөө макалаларды жазган, «Касым Тыныстанов (Чагылгандын көз жашы)» жана Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу «Жылдын эң узак күнү» аттуу тарыхый романдарды жараткан калемгер катары белгилүү. Поэтикалык жана прозалык 13 китептин автору. Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романын автордун сунушу менен кыргыз тилине которгон.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер