Техника илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Жумабек Тентиевди 70 жылдык юбилейи менен куттуктайбыз!
Окумуштуу 1948-жылы Нарын облусунда жарык дүйнөгө келген. 1971-жылы Ленинград (Россия) инженердик-курулуш институтун (ЛИСИ) аяктаган. Эмгек жолун инженерликтен баштап, окутуучу жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде бир нече жылдар бою ректорлук кызматты аркалаган. Илимпоз 125тен ашуун илимий эмгектин автору. Иштелмелери, студенттер үчүн окуу куралдары жана илимий пособиелери бар.
Жумабек Тентиевдин илимий ишмердүүлүгү экстремалдуу жылышчаактык шарттарында эксплуатациялана турган имарат жана курулуштардын композициялык материалдарынын конструкциясын ойлоп табууга жана изилдөөгө байланышкан. Иштелмелери пластина, кыртыш жана мейкиндик негиздери системасындагы өтө кыйын делген эсептөө маселелерин чыгарууга көмөк берет.
КР УИАнын жалпы жамааты окумуштууну 70 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук, кажыбас кайрат, ишине албан ийгиликтерди каалайт!
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2386