Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Якутиянын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков: “Саха Республикасында дагы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет”

16-апрелде Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын (Ил Түмөн) төрагасы Александр Жирков илимий-чыгармачылык иш сапары менен келди. А.Жирковду аталган институттун директору, академик Абдылдажан Акматалиев кабыл алып, институтта жарык көрүп жаткан чыгармалар менен тааныштырып, мекеменин ишмердүүлүгү туурасында баарлашты.

Ошондой эле жолугушууда залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата алдыдагы пландар жөнүндө сөз болду.

Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев эки тараптуу кызматташтык жөнүндө айтып: “Александр Николаевич бизге якут элинин жаңы басылып чыккан эпосторун (“Маадай хара”, “Ураал баатыр”) жана элдин дүйнө жүзүнө тараган маданияты (“Материальная и духовная культура народов Якутии в музеях мира”) тууралуу жазылган китебин тапшырды. Октябрь айында Саха Республикасы өткөрө турган Эл аралык конференцияга чакыруу алдык. Ошондой эле биз дагы аларды жай айларында өтө турган “Ысык –Көл форумуна” чакырдык”, – деди.

Ал эми Александр Жирков Якутиянын Улуттук китепканасында Ч.Айтматов атындагы “Кыргыз адабияты бөлүмү” ачылганын белгилеп: “Учурда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүүгө карата даярдыктар жүрүп жатат. Сентябрь айынан декабрь айына чейин жазуучунун туулган күнүн утурлай иш-чараларды уюштурууну пландап жатабыз. Бул жактагы иш-чараларга дагы делегация жөнөтөбүз”, – деп кошумчалады.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер