19-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кызыл Армиянын 100 жылдыгына арналган “Кызыл Армия – Кыргызстандагы Совет бийлигинин жеңишинин маанилүү фактору” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Иш-чарада Кызыл Армиянын түптөлүшү, ал мезгилдеги коомдук-саясий кырдаал, Совет бийлигин Кыргызстанда орнотуудагы Кызыл Армиянын ролу, өлкөдөгү күч жана укук коргоо органдарынын түптөлүшү жана ишмердүүлүгү, тарыхый мезгилди тереңден изилдөөдөгү жаңыча көз караштар тууралуу айтылып, баяндамалар окулду.
КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директору, корреспондент-мүчө Абылабек Асанканов Кыргызстандын эгемендүүлүккө жетишине Кызыл Армиянын да таасири бар экенин белгилеп: “Ал мезгилдеги кырдаал, өзгөчө 1920-жылдардын башы менен 1930-жылдардын жарымы өтө кыйын болду. Андан кийинки репрессия курмандыктары, Улуу Ата Мекендик согуштун кесепети да оңойго турган жок. Андыктан, бүгүнкү күн үчүн башталышта турган Кызыл Армиянын эмгеги баа жеткис. Биз аны унутта калтырбастан кийинки муунга айтып-жеткиришибиз керек. Ошондой эле Кызыл Армиянын изилдене турган тараптары али да болсо көп”, – деген оюн билдирди.
Эл аралык илимий-практикалык конференцияга тарыхчы-окумуштуулар, коомдук ишмерлер, ЖОЖдордун окутуучулары, “Наследники победы” эл аралык кошуунунун, Кыргызстандагы Россиянын элчилигинин жана күч органдарынын өкүлдөрү катышты.
Эл аралык илимий-практикалык конференцияны КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институту, КР Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фонду, “Наследники победы” эл аралык кошууну, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети менен биргеликте уюштурду.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1926