Кочкор районундагы Белгилүү мугалим, агартуучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Көкөбай Мамбеталиев атындагы мектепке жүз элүүдөй китеп тапшырылды.
Китептерди тапшырганга окумуштуулар: академик А.Акматалиев, филология илимдеринин докторлору И.Абдувалиев, К.Абакиров, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясындагы котормо бөлүмүнүн башчысы А.Молдоканов барган.
– Ал жерде дүйнөгө атагы чыккан жазуучубуз Чыңгыз Айтматов, Айтматовдун мааракесине арналып жарык көргөн китептер жөнүндө кеңири сөз кылдык. Мындан нары илим күндөрүн жайылтуу, илимий иш-чараларды чектелүү мекемелерде эмес, мектептерге да уюштуруу маселеси, жетишкен ийгиликтерди окуучулар арасында бөлүшүп, жаш муунду илимге кызыктыруу каралды. Илимий иш-чаралар жаш муунга да кызыктуу болушу керек – деди академик А.Акматалиев окуучулар менен болгон жолугушуу жөнүндө.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1605