Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасы Улуу Жеңиш күнүн утурлай, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги үй-бүлөсүнө жана айылдаштарына жазган 2 катын калыбына келтирди. Алардын эскилиги жетип, тамгалары жакшы көрүнбөй калган.Латын тамгасы менен жазылган каттардын согуш башталганда жана согуш учурунда жазылгандыгы толук реставрациядан өткөн соң ырасталган.
БИКтин директору Ширин Ибраимова каттарды калыбына келтирүү абдан эле кыйынчылык туудурганын белгилеп: “Каттарды реставрациялап берүү өтүнүчү менен бизге Д.Шопоковдун мемориалдык музейинин жетекчиси кайрылган. Ал кишинин кыргыз элинин баатыр уулуна жана өз элине жасаган патриоттук мамилесин урматтап, илимий китепкананын реставрациялоо боюнча лабораториясында өтүнүчүн орундатып бергенге аракеттендик. Алды менен каттардын оригиналдарынын көчүрмөлөрүн жасап алып, мазмунун чечмелөө үчүн ошол көчүрмөлөр менен иштедик. Ал эми ошол оригинал каттардын азыркы абалын мындан ары да көп убакытка сактоо максатында, бизде ойлоп табылган “Джибгин” препараты менен иштеп чыктык. Каттардын калыбына келтирилгендери да дагы көп жылдарга чейин сакталат”, – деди.
Төмөндө оңдолгонго чейинки каттар
Оңдолгондон кийинки каттар
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2775