Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
«Бир кур – бир жол: аба-ырайынын глобалдык өзгөрүүсүнүн шартында тоолуу мамлекеттердин өнөктөштүгү» аталышындагы тегерек стол

18-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында «Бир кур – бир жол: аба-ырайынын глобалдык өзгөрүүсүнүн шартында тоолуу мамлекеттердин өнөктөштүгү» аталышындагы тегерек стол өттү. Иш-чарада аба-ырайынын өзгөрүүсүнүн шартында экологиялык, социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдүн кесепети тууралуу талкуулар болуп, докладдар окулду.

Борбор Азиянын кургакчыл аба-ырайындагы негизги суу ресурсу, мөңгүлөрдүн бузулуусу, эрүүсү өзгөчө коркунучтуу болуп эсептелип, суунун азаюусу тоолуу райондорго жана түзөңдөгү территорияларга бир катар кыйынчылыктарды алып келиши мүмкүн.

Академик Асылбек Айдаралиев климаттын ысышынан улам тоолуу өрөөндөрдөгү абал оорлоп жаткандыгын белгилеп: Борбор Азия өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселеси курчуп, ал өз учурунда социалдык-экономикалык жана саясий көйгөйлөрдү шарттап жатат. Андан сырткары, жакырчылык, жумушсуздук, жаратылыш чөйрөсүнүн деградациясы сыяктуу маселелерди жаратууда. Андыктан, аталган мамлекеттер иштеп жаткан долбоорун улантып, биргеликте туура чечимдерди кабыл алууга тийиш”, – деди.

Тегерек столду “Кыргызстандын эл аралык университетинин” Академиялык консорциуму жана КР Улуттук илимдер академиясы биргелешип уюштурду. Иш-чарага КР УИАнын окумуштуулары жана ЖОЖдордун окутуучулары, ошондой эле Түркия, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан мамлекеттеринен келген өкүлдөр катышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер