21-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында АКШдагы Орегона университетинин химия илими боюнча профессору, Америка искуссвто жана илим академиясынын мүчөсү жана катчысы Жеральдин Ричмонд (Dr. Geraldine Richmond) конокто болду. Жолугушууда Ж.Ричмонд биргелешкен долбоорлордун үстүнөн иштөөнүн жол-жоболорун айтып берип, “Кошмо штаттардыга илим, технология жана билим: инвестиция жана келечекке карай алгылыктуу идеялар” аттуу докладын окуle.
КР УИАнын Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун директору Нурбек Жеенбаев окумуштууга академиянын атынан ыраазычылык билдирип: “Долбоорлор менен иштешүү үчүн биздин запаста көптөгөн варианттар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Доктор Ричмонддон мындан ары да АКШ илимдер академиясы менен болгон байланышта колдоо кылып берүүсүн өтүнөбүз”, – деген оюн айтты.
Ал эми Др. Ж. Ричмонд илимий жаатындагы иштер үчүн колдоолорду, долбоорлор менен иштешүүнүн шарттарын айтып берди. Ал ошондой эле 1998-жылы түзүлгөн уюмунун негиздөөчүсү жана директору. Уюм АКШдагы жана 20дан ашуун өнүгүү жолундагы Азия, Африка жана Латын Америка мамлекеттериндеги аял-окумуштууларга көмөк көрсөткөн.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1633