Иш-чарада Ааламдык изилдөөлөр кеңешинин 2018-жылдагы Жылдык отчёту каралды. “Россия илиминин статусу: бүгүнкү абалы жана келечеги” аталышындагы негизги билдирүүнү “Курчатов институту” илимий-изилдөө борборунун президенти Михаил Ковальчук жасаган.
Академик Мурат Джуматаев тегерек столдо каралган: постсоветтик өлкөлөрдүн изилдөөчү потенциалы, анын шарттары, өнүгүүсү жана жеткиликтүүлүгү, регионалдык көп тараптуу кызматташуу, регионалдык изилдөөчү чөйрөнү өнүктүрүүнүн ыкмалары жөнүндө ой бөлүшүп жатып төмөнкүлөргө токтолду:
– Эл аралык жолугушуу болду. Ал жерде көптөн бери КМШ чөлкөмүндө илимий изилдөөлөр боюнча абалй болуп жатат – ошол темага токтолдук. Кыргызстандан, Армениядан, Азербайжандан, Монголиядан, Белоруссиядан, Ирандан, Түркиядан, Түндүк Кореядан билдирүүлө кандар жасалды. Айрыкча илимге ИДПнын канча пайызы сарпталат, ошого көңүл бөлүндү. Мисалга Түндүк Кореяда ИДПнын илимге 4,7% бөлүнөт экен. Ал эми Кыргызстанда илимге ИДПдан 0,06% бөлүнөт. Түндүк Кореянын тез өнүгүп жаткандыгынын себеби да ошол, илимдин потенциалын жогорулаткандыгы үчүн өнүмдүү иштер болгондугу себепкер. Биз Глобалдык изилдөө кеңешине байкоочу болуп катыштык. Бул Кеңештин мүчөсү болуш үчүн өзүнүн шарттары бар экен, аны үчүн каражатын төлөш керек. бул жагын дагы карап көрүшүбүз керек – деди УИАнын жетекчиси.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1683