Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Сейсмология жана Машина таануу институттарынын илимий журналдары мыкты деп табылды

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология жана Машина таануу институттарынын илимий журналдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык комиссиясынын анализи боюнча мыкты деп табылды. Бул тууралуу ЖАКтын төрага орун басары Нурлан Атабаев КР УИАда Кыргызстандын илимий басылмаларында жарыяланган илимий макалаларды плагиат системасы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы, алардын сапаттарын жогорулатуу боюнча жасаган таанытымында билдирди.

Нурлан Атабаевдин айтуусу боюнча ЖАК Кыргызстанда жарык көрүүчү 23 журналдын сапатын карап, жарыяланган макалаларга анализ жүргүзүп чыккан. Анын маалыматына ылайык жалпы 347 макала тыкыр изилденөөгө алынган.

«Кыргызстанда чыгуучу журналдарды кароо учурунда КР УИАга тиешелүү 2 илимий журнал мыкты деп табылды. Анткени, Сейсмология институтунун журналына жарыяланган макалалардын арасынан плагиат табылган жок. Ал эми Машина таануу институтуна таандык макалалардын арасынан эки-үчөө 100 чейинки баа менен эсептелинген оригиналдуулукка жооп бере алды. Бул сиздердеги жакшы жетишкендик жана мыкты көрсөткүч болуп саналат» – деди Н.Атабаев.

Төрага орун басары ЖАКтын таанытымдан сырткаркы максаты эл аралык деңгээлдеги Scopus жана Web of science журналдарына макала жарылоо боюнча жол көрсөтүп, аны ишке ашырууга жардамдашуу экендигин кошумчалады. Ошондой эле КР УИАсы менен атайын топ түзүп иштешүү максатын дагы билдирди.

КР УИАнын башкы окумуштуу катчысы, биология илимдеринин доктору Бекмамат Дженбаев илимдер академиясы мындай негизде иштешүүнү колдоорун билдирип: «Биз үчүн бул жакшы маалымат болду. Журналдардын сапатын жогорулатуу алдыга койгон иштерибиздин бири эле. Аны менен макалалардын дагы сапатын көтөрүп, көптөгөн ийгиликтерге жетүүгө болот. Өзгөчө бул жаш окумуштуулар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк», – деген оюн кошумчалады.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер