Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Заманбап илимге арналган илимий-практикалык конференция

5-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында “Заманбап илим: проблемалар жана перспективалар” деген аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чара илимдин өнүгүүсүндөгү бүгүнкү проблемаларды, инновациялык ишмердиктин активдешүүсүн, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүндө Ата мекендик илимдин жаңылануунун жана өнүгүүсүнүн маанилүү факторуна айлануусун камтып, катышуучулар өлкөнүн интеллектуалдык, социалдык-экономикалык потенциалы, улуттук коопсуздукту камсыздоо туурасындагы талкууларга катышышты. Ошондой эле конференция заманбап Кыргызстандагы илим жаатына тийиштүү проблемаларды чечүүгө арналып, ал кырдаалдан чыгуунун жолдору каралды.

Конференцияда КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев өлкөдөгү илим тармагы ушул кезге чейин коомдогу ордун таба албай келе жаткандыгын белгилеп: “Мамлекеттик жогорку илимий мекеме болгонуна байланыштуу бизде көптөгөн конференциялар, кереге кеңеш, симпозиум сыяктуу иш-чаралар өтүп келет. Бирок, алар кайсы бир тармактар гана боюнча болуп жалпы проблемаларга арналбай жатат. Андыктан аларга комплекстүү түрдө мамиле жана чечкиндүү кадамдарды жасоонун убактысы келди. Анткени, алар мамлекеттин улуттук коопсуздугуна да жооп берүүчү тармак болуп саналат. Улуттук-маданий баалуулуктар үчүн гуманитардык илимдер, экономика тармагы үчүн так илимдер, айыл-чарба техника илимдери, калктын саламаттыгы үчүн медицина-биология, экология илимдери жооп берет. Ошондуктан, буга байланыштуу илим жаатындагы чечилбей жаткан маселелер маанилүү тапшырма катары каралышы шарт”, – деди.

Илимий-практикалык конференцияга өлкөнүн окумуштуулары, ЖОЖдун окутуучулары, коомдук ишмерлер, илимий мекемелердин өкүлдөрү катышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер