Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАда алгачкы академиялык инвестициялык форум өттү

7-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Академиялык инвестициялык форум биринчи жолку ишин өткөрдү. “Кыргызстандагы академиялык илимдин инвестициялык туруктуулугу: микро жана макро аспектилер” аталышындагы I-Академиялык инвестициялык форумда докладдар окулуп, окумуштуулар арасында талкуулар жүрүп, иш-чаранын соңунда резолюция кабыл алынды.

Иш-чаранын негизги максаты илимге инвестиция тартууну өнүктүрүү, Ата мекендик ишкерлер менен иштешүүгө байланышкан багыттар, инвестиция тартуу боюнча тажрыйба жана идеялар менен бөлүшүү болду.

КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев буга чейин КР УИАнын эң негизги инвестору мамлекет болуп келгенин жана ал мындан ары да башкы инвестор катары кала бере тургандыгын айтып: “Бүгүнкү күндө инвесторлордон каражат тартуу менен илимий продукцияларыбызды жайылтуубуз, өндүрүшкө ашыруубуз зарыл болуп турат. Ал үчүн бизге Ата мекендик ишкерлердин колдоосу өтө керек болууда. Анткени, мисалга алсак, Россиянын айрым ишкерлери меценатство менен алектенип, илим, билим жана маданият тармагынын өнүгүшүнө салым кошууда. Ал эми Кыргызстанда болсо Аскар Салымбековдун фонду жаш окумуштууларды колдоп келет. Ошондой эле бизге дагы кайрылып, илимдеги өндүрүшкө колдонууга, иш жүзүнө ашырууга мүмкүн болгон продукцияларга кызыкдар болгон ишкерлер жок эмес. Илимдер академиясы да бүгүнкү иш-чараны мына ушул критерийлерди эске алуу менен өткөрүүдө. Окумуштуулар бул максатты ишке ашыруу үчүн кандай чечимдерди кабыл алып, кандай жолдорду тандоо керек деген маселенин тегерегинде кеңешип, талкуу уюштурууда”, – деди.

КР УИАны инвестициялык-инновациялык жактан өнүктүрүүнүн Концепциясы бизнес-коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууга багытталгандыктан, академиялык илимдин өнүгүүсүндө активдүү роль ойноорун эске алуу менен форумда төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынды.

  • Инновациялык инфраструктураны түзүү, ошондой эле инвестициялык аянтчалар менен аймактарды белгилөө (“Тренинг-центр”, “Технопарк”, “Технозоналар”, мамлекеттик эмес уюмдар ж.б.);
  • КР УИАда өзүнө инвестициялык-инновациялык ишмердүүлүк чөйрөсү жөнүндөгү мыйзамдарды, илимди инвестициялык жактан колдоонун шарттарын жана булактарын, инвестициялык аймактарды жана сунуштарды камтыган “Илимий инвесторго жол көрсөткүч” системасын түзүү;
  • КР Өкмөтүнүн алдындагы инвестицияларды коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин сайтындагы “Инвестициялык буйрутмалар” порталына даяр илимий продукцияларды жайгаштыруу системасын түзүү;
  • инвестициялык тарыхтын, инвесторлордун форматынын динамикасын эсепке алуу, гранттардын натыйжалуулугун жана инвестициялык потенциалынын жогорулашын баалоо боюнча КР УИАнын илимий-изилдөө институттарынан иш группасын түзүү;
  • чет элдик илимий фонддор, борборлор, долбоорлор, ошондой эле реалдуу рыноктун Ата мекендик секторлорунан долбоор аркылуу каражат тартуу жолу менен КР УИАнын ИИМинин ишин активдештирүү;
  • ИИМ менен өлкөнүн өндүрүштүк секторунун байланышын активдештирип, даярдап, кызыкдар болгон мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү жана инновациялык сунуштардын пакетин инвесторлорго сунуш кылуу;
  • Жыл сайын илимий продуктылар боюнча ИИМдин даяр сунуштарын алдыга коюп, илимий продуктыларды түзүү жана ишке ашыруу боюнча бизнес-пландарды даярдоо жолун ирээтке келтирүү.

Форумду КР УИАсы уюштуруп, ага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти, “Аскар Салымбеков” коомдук фонду жана Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдор ассоциациясы катышты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер