Бул тууралуу коомдук ишмер Роза Акназарова 7-июнда УИАда өткөн Академиялык инвестициялык форумда айтты.
“Илимдер академиясында ушундай жаңыча иш башталып жатканын мен кубануу менен кабыл алдым. Бул чоң жетишкендик. Бүгүнкү Форумда айтылгандар Президентке, парламентке жетсе жакшы болмок, анан да Форумдун кеңейтилген форматта өтө турган жөнү бар. Анткени бул жерде инновациялык эмгектер дагы, бизнес борбор дагы болгону жакшы. Бизнес-инкубаторлор уюштурулса болмок, мисалга, таш кесүү же дары чөптөрдү жыюу ж.б. иштер боюнча жакшы натыйжага жетишмексиздер. Мында чет өлкөлүк эмес, кыргыз ишкерлеринин активдүүлүгү талап кылынууда. Бүгүнкү күнгө чейин илимдер академиясы илимий потенциалды көздүн карегиндей сактап келди, эми мекенибиздин келечегин ойлогон ишкерлер илимдер академиясын колдошу керек”, – деди ал.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1634