Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Декоративдик гүлдөрдүн көргөзмөсү болду

9-июнда, КР УИАнын Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык багындагы декоративдик гүлдөр бөлүгүндө шаардын жашоочулары жана коноктору үчүн декоративдик гүлдөрдүн көргөзмөсү болду. Көргөзмөдө келген коноктор гүлдөрдү кантип күтүү керектиги, кантип көбөйтүп, кантип дарылаш керектиги жөнүндө маалымат алышты.

Көргөзмө жөнүндө декоративдик гүлдөрдүн лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты Ирина Петровна Бондарцова төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Бүгүнкү көргөзмөнү конокторго биздин лабораторияда кандай өсүмдүктөр өсөөрү жөнүндө маалымат берүү, көрсөтүү үчүн өткөрүп жатабыз. Ал эми көргөзмөдөн түшкөн каражаттарга оранжереяга өстүрүүчү өсүмдүктөрдүн үрөнү сатылып алынат. Өзүңүздөр билгендей, бул жылы катуу сууктан биздин оранжереядагы өсүмдүктөрдүн бир тобу соолуп калды. Ал эми калганы кайра жандана баштады. өкүнүчтүүсү, ал жердеги тропикалык өсүмдүктөрдү үшүк уруп кетти. Бизде көп орун болсо, жаңы оранжерея курулуп калса анын баарын өз калыбына келтиребиз деп ишенем. Биз адамдар кубансын деп эмгектенебиз. Себеби гүлдөрдүн сулуулугу адамдардын көңүлүн көтөрөт жана дем берет эмеспи.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер